www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн "Матраимовдордун кланы" тууралуу жазылбаган нерсе калган жок. Бирок алардын "мурдун балта кесе" турган эмес. Мына өткөндө "Райым миллиондун" мүлкүн иниси иштеген Финполиция текшерип, мыйзам бузуу таба албай сыйпалап калган. Эми болсо өзүнө сын айткандарды залдан кууп чыккан иниси, Кара-Суунун түшпөс акими Тилек Матримовдун мүлкү тууралуу маалымат чыкты. Ал декларацияга аянты 10 чарчы метр, жашай турган үйүн жазган.Ошондой эле эч кандай машинасы жана туугандарынын атына жазылган мүлк жок экенин көрсөткөн. Ал болгону мал-жандыгы бар экенин жана 2017-жылы иштеген ишинен 1,5 миллион сом тапканын ачыктаган. Айтор 10 чарчы метр кепеден башка мүлкү жок экен. Ушуга ким ишенет?
Булак: "Фабула"