www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 10-апрелде Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун мекеменин жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видео билдирүүсү “Азаттыкка” чыккан эле. Бүгүн, 11-апрелде Райымбек Матраимовдун жактоочусу Канатбек Азиз, Эмил Кимсановдун видеотасмасы тууралуу билдирүү таратты.
--Кутман күн! Кечээтен баштап социалдык тармактарда Эмил Кимсанов деген бирөөнүн белгилүү “Бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимов аны чуулгандуу, таанымал Али Токтакуновдун өлүгүнбү-тирүүсүнбү алып кел” деп айтканы, Али Токтакуновдун Прагадагы дареги жана анын келе турган күнү жөнүндөгү маалыматтарды жана аны менен бирге Райымбек Матраимов Кимсановду “кайра-кайра жумушка, кызматка кайт” деп мажбурлагандыгы ж.б.у.с сөздөрү боюнча айтканы боюнча видео тасмасы тараган. Чынын айтканда, буга чейин биз пандемиядан келип чыккан, массалык иш-чара негизделген ж.б. коркуудан улам мындай провакациялар пайда болот деп ойлогонбуз жана жалааларга көңүл бурган эмеспиз. Бирок ушул тапта биз коомчулукка аталган видео тасма аркылуу өз карашыбызды айтып коёлу деп чечтик.
--Биринчиден, Райымбек Матраимов Бажы жетекчисинин орун басарлыгы кызматынан 2017-жылы сентябрда премьер-министр Исаковдун буйругу менен мыйзамсыз бошотулгандыгы белгилүү. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик кызматтан алганда Райымбек Матраимов жумушсуздардын катарына кирет. Ал өз эрки менен соттордун, анын ичинде Жогорку соттун аны мөөнөтүнөн мурда жумушунан бошотуу чечимисиз, мыйзамсыз бошотулганына каршылык билдирген эмес. Мындан келип чыгып, Кимсановду “Бажыдагы кызматыңа кайт” деп мажбурлашы Кимсановдун өзүнүн кыялындагы фантазиясынан башка нерсе эместигин айтууга болот. Экинчиден, Кимсановдун өзү тууралуу айта турган болсок, аталган жаран тергөөдө жүргөнү, бирөөнү тобу менен сабагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчиликке тартылганы белгилүү. Буга Матраимовдун атынын да өзүнүн да тиешеси жок жана болбойт дагы. Андыктан биздин өлкөнүн жараны издөөдө жүрүп, кармалып, Кыргызстанга Матраимовдун каалоосу боюнча гана алынып келинди деген сөз бул - абсурд. Үчүнчүдөн, видео жөнүндө айта турган болсок, анда бул өзүнө жакшы жашоону, мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн кезектеги каралоо, опузалоо гана аракети. Өзүңүзгө белгилүү болгондой азыркы учурда санариптик технологиялардын жардамы менен үндөрдү, диалогдорду жасаса, өзгөртсө болот. Эгерде байкаган болсоңуздар, илдет каптоо коркунучу болуп турган убакта Райымбек Матраимов жана жакындары, б.а., фондго байланыштуу адамдар эмне менен алек болуп жатат? Төртүнчүдөн, видеодогу дал келбестик куралсыз көзгө да көрүнүп турат. Мисалы, “Прагадагы Али Токтакуновдун өлүгүнбү же тирүүсүнбү алып кел”- дегени, анын үй дарегинин Райымбек Матраимовго жөнөтүлгөнү жалган. Көңүл бурган болсоңуздар ал жерде “Прагадагы Али Токтакуновдун өлүгүнбү же тирүүсүнбү алып кел”-деген тапшырма жок. Мындан сырткары, бул видеодогу каарман өзүнүн билдирүүсүн жиберлигенин коомчулукка көрсөткөн. Мунун баары жакшы мамилени куруу жана пикир келишпестикти жөнгө салуу үчүн Матраимовдун дарегине айтылган кезектеги натыйжасыз каралоо экендигине ишенимдүүбүз. Балким, Эмил Кимсанов бизге белгисиз болгон күчтөрдүн колундагы куралдыр. Бешинчиден, буга тиешелүү болгон адамдарга, журналист катары Али Токтакуновго ден соолук, амандык каалайбыз. Биз, тескерисинче, алардын жайлуулугуна жана ден-соолугунун жакшы болушуна абдан кызыкдарбыз. Анткени, биз адилеттүүлүккө жетүү жана коргоо үчүн укук талаасын курдук. Алардан публиканын алдында чындыкты айттырууну максат кылганбыз. Кимдир бирөөгө ар кандай шылтоо же жасалма коркунуч жаралса, ар дайым Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар деп бааланат. Бүгүнкү күндө бул эң ыңгайлуу. Провакациячылардын максаты да дал ушундай. Буга жаркын мисал Матраимовдордун тиешеси бар делген, бирок алардын такыр тиешеси жок болгон Болот Темировдун сабалышы боло алат. Бул сизге да белгилүү. Сөзүмдүн аягында, биздин доордо санариптик технологиялардын доорунда мындай провакацияларды чындыкка окшоштурууга болоорун кайталап кетем. Коомчулукту жана журналисттерди обьективдүүлүккө чакырам. Өлкөбүзгө чындык жана саламаттык каалайм, – деди жактоочу Канатбек Азиз.
Булак: NazarNews.kg