www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореяда коронавирустан айыккан 91 бейтап кайра ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, коронавирустан айыкты делинип, карантинге коё берилген 91 бейтап дем алуусу начарлап кеткендиктен, кайра ооруканага кайрылышкан. Текшерүү мезгилинде аларда коронавирус инфекциясынын жеңил түрү бар экендиги маалым болгон. Буга чейин бир катар вирусологдор жана эпидемиологдор коронавирустун дененин кээ бир клеткаларында жашыруун бойдон калышы мүмкүн деп божомолдошкон, андан кийин ал кайрадан жанданып, дем алуу системине кол салаарын айтышкан.
Эске сала кетсек, Түштүк Кореяда 10 миң 480 адам коронавирус жуктуруп алган. Анын 211и каза болсо, 7 миң 243 адам бул инфекциядан айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg