www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Оор геосаясий, экономикалык абалды эске алып, болгон мүмкүнчүлүктөрдү, потенциалды колдонуп, экономиканы жандандыруу зарыл», - деди бүгүн, 25-июнда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

- Мавлян мырза, казинонун ачылышы боюнча мыйзам парламентте колдоо тапты. Коомчулукта оң да, терс да сөздөр айтылууда. Бул маселе элдик талкууга коюлушу керек беле же депутаттар чечип койгону туура болдубу?

- Негизи ар бир мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. Тилекке каршы, Жогорку кеңештин регламенти бүгүнкү күнгө чейин тактала элегин кумаркана ачуу мыйзамы каралып жатканда билинди. Жогорку Кеңеш мыйзамдуулуктун үлгүсү болушу керек эле...

- Кумаркана ачылышы керекпи?

- Кумаркананын ачылышын эл тандаган президент, Жогорку Кеңештин депутаттары колдоду, өкмөт сунуштады. Эми бүгүнкү оор геосаясий, экономикалык абалды эске алып, болгон мүмкүнчүлүктөрдү, потенциалды колдонуп, экономиканы жандандыруу зарыл

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости