www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстандагы мечит имамдарына расмий түрдө стипендия берилип баштады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Бул чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында ишке ашырылып жатканы айтылды.

«Дин - элдин жүрөгүн, коомдун багытын, жаш муундун рухий дөөлөтүн калыптандырган күчтүү институт. Андыктан имамдарга берилген бул каражат жөн гана эмгек акы эмес, бул дин кызматкерлеринин эмгегин баалоо.

Стипендия аркылуу имамдардын көз карандылыгы азайып, кайрымдуулук же башкалардын колдоосуна таянган шарттан чыгып, калыс, жоопкер жана өз милдетин так аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», - дейт муфтият.

«Биз бүгүн тарыхый чечимдин күбөсү болуп турабыз. Бул кадам ар бир имамга, ар бир дин кызматкерине: «Сен жалгыз эмессиң. эл, мамлекет, муфтият сенин жаныңда»,- деген билдирүү. Имам бул жөн гана намазга өтүп койгон киши эмес. Ал - коомдун руханий күзөтчүсү, улуттук аң-сезимди ойготкон жетекчи. Анын тили элдин руханий жаатын өзгөртөт, үгүтү тынчтыкты сактайт, көз карашы жаштарды багыттайт. Биз дин кызматкерине шарт түзүп берсек, ал коомдун аң-сезимин түптөйт. Биз имамга жөлөк болуп берсек, ал элдин ишенимин туура нукка багыттайт. Бул кадам - акыйкатта, элдин келечегине салынган руханий пайдубал.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул иш-аракетти коомдук-руханий стабилдүүлүктү бекемдөө, билимдүү жана жогорку даражада даярдалган лин кызмат Режим "Без звука" отключен у, эл арасындагы диний сабаттуулукту көтөрүү максатында ишке ашырууда. Бул кадам радикалдуу идеологияларды алдын алат», - дейт муфтий Абдулазиз Закиров.

Последние новости