www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште Медер Алиев аттуу эл өкүлү бар. Өзүн аябай билимдүү сезет. Болбогон маселени деле укмуш актуалдуу кылып, баптап, таптап, үнүнүн кыраатын келтирип айтат.
Ал сүйлөп баштаганда жасалма интеллектуалдуу мүнөзү жүзүнө чыгып турат. Анысы өзүнө сезилеби ким билсин, сырттан караган адамга дароо байкалат.
Андыктан, жакын санаалаштары "курулай популист болуп, кооз сүйлөгөнүң элди жийиркентип жатат, жөн гана жасалмасы жок сүйлөсөң, эскерүү кечелерин, тойлорду алып барган тамададай болбой", - деп кеңеш берип коюшса ашыкча болбойт эле.
Болбосо, кайран талантын кор кылбай артист болсо, кандай роль болбосун катыра ойноп элдин сүймөнчүгү болмок. Өзгөчө Николло Макиавелли тууралуу оор үшкүрүк менен үнүн олуттуу чыгарып монолог айтса көркүнө чыгармак.
Медер мырза кесибиңиз тууралуу бир ойлонуп көрбөйсүзбү? Жогорку Кеңеште бекер эле кор болуп жүрөсүз. Ал жерде конкурент күчтүү. Жылдыз болуп, жарк этип суурулуп чыгышыңыз кыйын...
Булак: NazarNews.kg