www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Биринчи Май РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Адилов Медербек Абдувалиевич өспүрүмдөр дүйнөсү, аларга карата ИИО тарабынан көрүлгөн камкордуктар, жекече мамиле жана мыйзам тарбиясы жаатында маек куруп берди.

Медербектин ички иштер органдарында иштеп жатканына быйыл тогуз жылдай убакыт болот. Бул убакыттын ичинде көп өзгөрүүлөр болуп кетет эмеспи. Ушул убакыттын аралыгында өзүнүн ишинде көптөгөн тажрыйба топтоп алганга жетишкен Медербек милициядагы кызматын Токмок шаарынын кайгуул күзөтүндө иштөө менен баштап, милиционер айдоочу жана аймактык тескөөчү кызматтарын аркалаган. Ал эми Жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматында эмгек өтөп келе жатканына төрт жылдын жүзү толду. Маектешимдин милиция кызматкери болуп, ушул кесипти тандап калганына атасы себепкер болгон. Анткени, Медербектин атасы Абдували Токтошевич да дал ушул Биринчи-Май РИИБде кызмат кылган. Алты жыл мурун ардактуу эс алууга чыгып, азыркы убакта кадырлуу ардагер болуп турган кези.

Негизинен алганда ар бир адамдын кылган жумушуна карата өздөрүнүн ыкмалары болот эмеспи. Ошондой эле Медербек да өспүрүм балдарды өзүнүн ыкмаларын колдонуп тарбиялаганга өтүп алган. Аны мындайча түшүндүрүп берди «Азыркы өспүрүм балдардын көз-караштары таптакыр башкача, ошондуктан мен көбүнчө алар менен достошуп алам. өспүрүм балдар милиция кызматкерин көрүп коркуу сезими жаралбастан, тескерисинче жардам сурап кеңеше тургандай мамиле курулуусуна аракет кылып келем. Мектептеги ЖөИИ кызматкеринин иш бөлмөсүнүн эшиги дайыма балдар үчүн ачык. Өспүрүм балдарга «Бир нерсе болуп керек болуп калса келип, оюңарды тартынбай айткыла»-деп дайыма эскертип турам. Тентек кылып, көзгө урунган балдар менен башкача сүйлөшүп алам, маселен ата-энеси менен маектешип, аларды коркутуп албастан жай түшүндүрүүгө аракет кылам. Ооба баардык ата-энелер балдарын коргойт эмеспи. Ата-энесинин, мугалиминин уруксаты менен андай балдарга атайын эреже коюп, маселен менин иш бөлмөмө күн сайын келип жетишпей жаткан сабактарына кантип жетишүү керектиги, жасаган иши жөнүндө сүйлөшүп туруу өңдүү жөнөкөй макулдашууларды түзүп алабыз. Эгер тентек кылган бала мен койгон эрежелерди аткарып турса, мен аны мектепте чогулуштарда мактап, жакшы жактарын айтып турам. Эгер көнбөсө, бара-бара оңолбосо каттоого коюп, мыйзам жолунда иш алып барганга туура келет.

“Мен караган мектепте милициянын жаш жардамчылары (ЮДМ) командабыз бар. Алар да мага көп жардам кылып турушат. Мектептеги сабактар ортосундагы тыныгуу учурунда мектеп аянтчасына барып жогорку класстын балдары менен турникке жарышып тартынып, аны менен кошо балдарды сөзгө тартып, сүйлөшүп калабыз. Мен өзүм турникке тартынганды жакшы көрөм, анын үстүнө өзүм милиционер кызматкери болуп туруп турникке тартынганды билбесем уят го, өспүрүмдөрдүн алдында”-дейт маектешим. Окуучу балдар менен каарманымдын ортосундагы мамилени мен маектешүү үчүн мектепке барганда окуучу балдардын Медербек менен учурашкандарынан эле байкап койгом. Дегеле, милиция кызматкери өспүрүм балдарга жакшы, жумшак мамиле кылып турса аны бардык окуучу балдар сыйлап урматтап турары шексиз. Медербектин мындай сыйга татыктуу экенин бир окуучунун окуясы тастыктап берди. Ал окуя мындайча болгон, жаңы жылда бардык Аяз атага ишенген балдардын баарысы Аяз атага кат жазып белек сурашат эмеспи. Медербек көзөмөлгө алган №29 гимназиянын 3-классынын окуучусу Руслан жаңы жыл түнү эжеси экөө аяз атага кат жазып, балатынын астына коюп коюшат. Балдар уктагандан кийин атасы менен апасы катты алып окуп алышып таң калышкан. Русландын катында аяз атадан өзүнө белек сурабастан, өзү окуган мектепте иштеген милиция байке менен кароолчуга белек берүүсүн өтүнгөн. Ата-энеси бир жагынан таң калышса экинчи жагынан баласынын өзүмчүл болбой бирөөлөр үчүн кам көргөндүгүнө кубанышты. Бул кат жөнүндө каарманыбыз алгач билген да эмес, качан гана бөлүм башчысы чакыртып Медербектен өзү караган мектептеги бала жөнүндө сураганда Медер чочуй түшкөн «Дагы эмне болуп кетти»-деп. Көрсө Русландын атасы Биринчи май РИИБге барып катты ЖөИИнин бөлүм башчысына окуткан экен. Медер бул кат жөнүндө угуп алып аябай таң калган, «Мен бул баланы жада калса өңүнөн деле тааныбайм. Көбүнчө кире бериште турган кароолчу экөөбүз мектеп окуучуларына көп эле жардамдарыбыз тиет. Маселен жоголгон буюмдарын издешип таап берип же дагы бир нерселерди сураса дайыма тажабастан суроосуна жооп берип турабыз. Балким Русланга дагы бир жерден жардам кылсак керек. Окуучулар көп, мен жалгыз, кимисине эмне кылганымды эстей албай деле калам»-дейт. Ооба милиция кызматкерлеринин жардамын дайыма колдонуп келебиз, элге жардамы тийген милиция деле жардамды өз милдетиндей көрүп, кылган ишин бат эле унутуп калса керек. Арийне, Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май РИИБдин жетекчилиги Аяз-атадан милицияга белек сурап кайрылган жаш баланын шагын сындырып, өтүнүчүнө көңүл бурбай койбостон жаңы жылга карата Медербекке ардак грамота тапшырып, сыйлык беришкен.

Сөз башында айткандай маектешим эс тартып баштагандан баштап эле милиция дүйнөсү менен аралашып өскөн. Атасы милиция кызматкери болгондуктан, дайыма формачан жүргөнүн айткан Медербек да атасынын жолун жолдоп милиция кызматкери болду. “Кээ бир адамдар ИИОго башкача ой менен келишет. “Эптеп иштеп, анан башка жакка которулуп кетсем же келе калып эле башчы болуп отуруп калсам”-деген өңдүү. Арийне, бардыгы өз орду менен эмеспи, иштеп, тажрыйба топтоп, өзүңдү көрсөтө алсаң, жылыш сөзсүз болот. Мен да атамдай болуп милицияга өмүрүмдү арнасам дейм. Атам ушул мен иштеген жердин ардагери болгондуктан атама сөз тийгизбей, ишимди так аткарганга аракет кылып келем»-деп сөзүн аяктады.

Данислан Асамидинов

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости