www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жекшембиде (02.02.2020-ж.) Бишкектин Куйбышев көчөсүндөгү № 93-үйдүн (Жеңиш аянтынын күн чыгыш тарабында жайгашкан) 6-кабатындагы 95-батирди үстүнкү кабаттан аккан суу каптаган. Маалыматтарга караганда бул батирде 75 жаштагы пенсионер Аниса Кутманбетова 40 жылдан бери жашап келет. Окуя болгон күнү күндүзү Аниса апа кыздарыныкына кетип, үйдө болгон эмес. Кечки саат 20лар чамасында батирге кирип келишкенде үстүнкү кабаттан агып жаткан ысык суу дубалдарды, эмеректерди каптап жаткандыгын көрүшөт. Суу агып жаткан 7-кабаттагы 98-батирдин эшигин каккылаганы менен аны эч ким ачпайт…

Жабырлануучу А. Кутманбетованын кызы Чынара:

— “7-кабаттагы 4 бөлмөлүү квартира Жогорку Кеңештин Иш Башкармалыгына карайт. Бул жерде ЖКнын Бишкекте жашаганга үйү жок депутаттары жашап турушкан. Бүгүнкү күндө Нурбек Тотонов деген депутатка берилген имиш. А чынында ал өзү бир күн да жашаган жок. Башка адамдарга айына 500 долларга берип койгон.

Элдин салыктан чогулган акчалары кайда кетип жатат? Депутаттарга шаарда үйү жок деп квартира сатып беребиз, мингенине машина берип бензин куябыз, жардамчыларды жалдап беребиз, өздөрүнө олчойгон айлык акы төлөйбүз. Депутаттар эмне кылып жатат? Мамлекеттик квартираны 500 доллардан ижарага берип “бизнес” кылып жатат!

Окуядан кийин Жогорку Кеңештин иш Башкармалыгы аркылуу тактап, Н. Тотоновго чалсак, жардамчысы алды. Бирок, 5 күндөн бери Тотоновдон дайын жок. Угушубузга караганда “колунан келгенин кылып алсын” деген имиш. Апамдын 4 бөлмө үйүнүн ремонту, эмерек-буюмдары, китеп-килемдери баары жараксыз абалга келди.

Мен ЖКнын төрагасына, Этика боюнча комитетине, депутаттарына кайрылам: Нурбек Тотоновдун бул квартираны пайдалануусу боюнча маселени текшерүү үчүн комиссия түзүп, тиешелүү чара колдонууну өтүнөм”.

Мына сага! 2018-жылдын октябрь айынын соңунда ЖК депутаттыгына “Республика — Ата-Журт” саясий партиясынан келген Нурбек Тотоновдун Бишкекте жашай турган үйү жок имиш! Бишкектеги 3 ЖОЖду окуп бүтүрүп, З дипломдун ээси болгон (Экономика, Юриспруденция, Теология адистиктери боюнча) Н. Тотонов 2009–2011-жылдары “Асман Тирек” ЖЧКсынын директору болгондугу резюмесинде жазылып турат. Ал эми “Асман Тирек” эмне болгон фирма дебейсиңерби? Интернет булактарындагы жана Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтарга караганда “Асман Тирек” ЖЧКсы (ИНН: 01105201610032, Рег. № 158582–3306-ООО, ОКПО: 29388373) Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен алектенет. Анан бул фирманын директорунун борбордо жашаганга үйү жок дегенге ким ишенет.

Экинчиден, Н. Тотонов “Республика — Ата Журт” партиясынан келген, ал эми бул партия 2015-жылы шайлоо алдында “Биз депутат болуп калсак кызматтык машинадан, квартирадан баш тартабыз” дебеди беле!?

Буга чейин ММКларда анын аттестаты менен дипломдорунун жасалмалуулугу жөнүндө маалыматтар жарыяланып, ызы-чуулар болгон. Эми 75 жаштагы пенсионердин 4 бөлмөлүү үйүн, буюм-тайымдарын калыбына келтирип бербесе, дагы тепкиге алынат го. Айтмакча, 98-батирдин “квартплатасы” боюнча эмне дээр экен!

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости