www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ф.Баабиевдин арызына ылайык, аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык козутууга багытталган видео-жарыяны телефондун видео камерасына тартып, ал жерде адамдардан кечирим сурагандыгын КР УКМК кызматкерлери тарабынан монтаждалып интернет тармактарына жайылтышты дегенин, КР УКМК кылмыш жоопкерчилигинен качуунун аракети катары баалайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын чыгарылган корутундусуна ылайык, Ф.Баабиевдин сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чыкырактар камтылган. Иликтөөдөн өткөн текстте мамлекетте башаламандыкты уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталган.

Муну менен катар, Казахстан Республикасынын Алматы шаарындагы сот экспертиза Инстититутунун соттук-фоноскопиялык экспертизасынын берген корутундусуна ылайык жазылган үн жана сөз Ф.Баабиевге таандык болгону аныкталган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 14-августунда «YouTube» видеохостинг сайты аркылуу («Фархат Бабиев» менен «Амандын» ортосундагы телефон сүйлөшүүсү) «Атамбаев тарапкерлери эмнени энсеген?» делген темада аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык козутууга багытталган  видео-жарыя таратылган.

Ф.Баабиев менен «Аман» аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облустунда Ош облусунун ишкерлерининин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык  кастыкты козутууга багытталаган чакырыкты байкоого болот.

Ф.Баабиевдин жогоруда аталган видеосу репсубликанын тургундарынын жана социалдык тармактарды колдонуучулардын арасында нараазычылык жараткан.  

Буга байланыштуу, 2019-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренсинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошону менен бирге, КР ИИМ Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иштерин тергөөнүн жүрүшүндө, массалык башаламандыкты уюштурууда Ф.Баабиев активдүү катышкандыгы аныкталган. Буга байланыштуу 2019-жылдын 14-августунда КР ИИМ Тергөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ал массалык башаламандыкты катышкандыгы катары шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда КР ИИМ Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Ф.Баабиевге байланыштуу сотко чейинки өндүрүш аяктоодо.

Буга байланыштуу, Ф Баабиевдин эмне себептен мынча убакыт унчукпай отургандыгы тууралуу суроолор пайда болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости