www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Кытайдан 584 жаранын  эвакуациялады

Өзбекстан 4-февралдан 6-февралга чейин Кытайдын Бээжин жана Ухань шаарларынан 584 жаранын эвакуациялады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына караганда, Кытайдан алынып келген өзбек жарандарынын баары тең Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча даярдалган атайын жайларга жайгаштырылды. Алар инкубациялык мезгил аяктаганга чейин (14 күн) дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Өзбек бийлиги атайын жайларда эвакуацияланган адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирүүдө. Бирок карантинде жаткан жарандардын туугандары алар «кир жана суук» бөлмөлөргө жайгаштырылганын айтышууда.

«Фейсбук» соцалдык түйүнүндөгү TROLL.UZ баракчасына жарыяланган билдирүүгө караганда, 4-февралда Бээжинден келген жарандар Ташкент облусундагы «Бустон» лагерине жайгаштырылган. Социалдык түйүн колдонуучулары аталган лагерь адамдарды кабыл алууга даяр эмес болгонун, шарттары жок экенин билдиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости