www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев БУУнун 2026-жылдын миграция боюнча форумуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Медербек Алиев өлкө делегациясынын жетекчиси катары Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өткөн Миграцияны кароо боюнча экинчи эл аралык форумга (IMRF-2026) катышып, «Миграция доорундагы коопсуз, инклюзивдүү жана туруктуу шаарлар – WUF13кө карай» аталышындагы иш-чаранын алкагында баяндама жасады.
Форумда сөз сүйлөгөн Медербек Алиев Кыргызстан миграцияны көйгөй катары эмес, өнүгүүгө өбөлгө түзгөн мүмкүнчүлүк катары карай турганын белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө экономиканын ыкчам өсүшүнүн натыйжасында Кыргызстан кыска мөөнөт ичинде мигранттарды жөнөтүүчү мамлекеттен 100 миңден ашуун чет элдик жарандарды кабыл алган өлкөгө айланды.
«Улуттук миграциялык саясатыбыз коопсуз, жөнгө салынган жана натыйжалуу башкарылган миграцияны камсыз кылууга, мигранттардын укуктарын коргоого жана алардын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын арттырууга багытталган», – деди Медербек Алиев.
Ошондой эле Төраганын биринчи орун басары диаспора өкүлдөрүн коомдук-экономикалык процесстерге тартуу, мигранттар алып келген билимди жана көндүмдөрдү таануу, ошондой эле шаарларды өнүктүрүү алкагында Миграция боюнча глобалдык келишимди ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын позициясы 2026-жылдын 17 - 22-май күндөрү Азербайжандын Баку шаарында өтө турган XIII Дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) алдында айтылганы белгиленди. Медербек Алиев бүгүнкү талкуулар практикалык чечимдерди кабыл алууга жана өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзүшү керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, иш-чара Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматы жана Эл аралык миграция уюму тарабынан уюштурулду.