www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда кыргызстандыктардын көпчүлүгү кыргыз-тажик чек арасынын ачылышына каршы. Мындай пикирди саясатчы Медербек Корганбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кыргызстандагы чек ара жана алтын маселелериндеги депутат Аккулу Бердиевдин ролу

Бүгүнкү күндө кыргыз коомундагы талкуу жараткан эң курч темалар - «Кумтөр» алтын кени жана чек ара маселелери. Президент Садыр Жапаров башында турган бийлик «Кумтөр» менен байланышкан маселени элдин кызыкчылыгында чечүүнү убада кылып, аны ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

Учурда кыргызстандыктардын көпчүлүк бөлүгү кыргыз-тажик чек арасынын ачылышына каршы. Бул туура пикир. 2021-жылдын жаз айларынан баштап Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун режими Баткен облусунда, андан кийин Чоң-Алай районунда провокациялык мүнөздө атайылап конфликттик кырдаалдарды жаратып жатат.

Тилекке каршы, бул аракеттер Баткенге көптөгөн зыян алып келди. Жергиликтүү тургундардын арасынан курмандыктар болду. Ондогон адам жарадар болуп, үйлөр жана инфраструктуралык объектилер - мектептер, медициналык мекемелер өрттөлдү. Өлкөнүн бюджетине олуттуу зыян келтирилди.

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев биринчилерден болуп Чоң-Алай аймагындагы чек арадагы абал боюнча коңгуроо какты. 2021-жылдын 19-майында Жогорку Кеңештин отурумунда Аккулу Бердиев «тажик тарап окоп казып, кыргыз-тажик чек арасына аскер тартып жатат» деп билдирип чыкты. Бул тынчсыздандыруу жараткан кабар болчу.

Ал эми 2021-жылдын 4-июнунда тажик аскерлери контейнер орнотуу менен Кыргызстандын аймагына кирүүгө аракет кылышкан. Бул одоно провокациялык кадам болгон. Аккулу Бердиевдин парламентте сүйлөгөн сөзү коркунуч жөнүндө эскертүү, андан кийин ыкчам чараларды көрүүгө түрткү болду. Чоң-Алай районуна аскердик бөлүктөр жөнөтүлүп, жергиликтүү айылдардын калкы коопсуз жерге көчүрүлдү. Сүйлөшүүлөр аркылуу Кыргызстан кырдаалды жөнгө салды. Депутаттын Чоң-Алай аймагындагы чек арадагы кырдаал тууралуу өз убагында билдирүүсү Тажикстан менен дагы бир кагылышууну болтурбоодо роль ойноду.

Жакында Аккулу Бердиев 17 оор жүк ташуучу техника менен Кыргызстандан Кытайга алтын концентратын экспорттоо маселесин да көтөрдү. Бийлик Кумтөр менен алек болуп жатканда, кээ бир күчтөр өздөрүнүн «кара иштерин» бүтүрүп, өлкөнүн алтынын сыртка чыгарып кетүүгө аракеттенип жатат. Бул маселе боюнча боюнча Кытай тарап кандай ойдо экенин билүү баарыбызга кызыктуу. Анткени Кытайда дагы коррупционерлер бар. Ага жакында эле Кытай чиновнигинин үйүнүн жер төлөсүнөн 13 тонна алтын табылганы мисал. Балким, бул алтынды Кыргызстандан алып чыгып, пара катары беришкендир?», - деп суроо салат Корганбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости