www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин анын төрагасы Улукбек Марипов коштоосунан айрылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин өкүлү Анарбек Калматов парламент жыйынында билдирди. Аны менен Калматов - Улукбек Марипов мыйзам боюнча президенттин жардамчысы болсо, эмне үчүн коштоочу менен жүрөт деген депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берди.

Президенттин Жогорку кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов эски мыйзам күчүндө деп жооп берди. "Жаңысы кабыл алынгандан кийин, биз сиздин суроону карап чыгабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин министрлер кабинетинин башчысы президенттик администрацияны жетектейт, ал эми аткаруу бийлиги толугу менен президенттин көзөмөлүндө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости