www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр ушу маалда октябрь башаламандыктары болуп, кыргыз элин бир дүрбөтүп алган. Ошол кезде башталган кымбатчылык тормоз берип, токтобой келатат. Башынан баштайлы. 2005-жылдагы март революциясы он беш жылдан бери топтолгон ички буктардын жыйындысы катары бийликке сес көрсөтүп коюу, акыры барып бийликти алмаштырууга туура келген. Ал эми 2010-жылы апрелде бийлик алмаштырууга башка себептер болгон.
АКШга баш ийбей бараткан Орусиянын Борбор Азияда өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн АКШнын аскердик базасынын олуттуу кедергиси тийип жаткан. Ошол үчүн Орусия тараптан «Манас» базасын Кыргызстандын аймагынан чыгарып жибере турган «кол бала» бийлик керек болгон. Ошол үчүн Орусия бул ишке кийлигишкен. Ага чейин мечиттен Рысбек Акматбаевдин атылышы да Орусиялык снайперлердин колунан келген дешкени менен, иш жабылып, ошол бойдон калган. Рысбек Акматбаев Орусияга таянган кыргызстандык кээ бир саясатчылардын буйругу менен атылганынын изи турат. Бирок, эч ким даап бул иштин аягына чыккан эмес.
2010-жылы апрелде ал кездеги Орусиянын премьер-министри Путин менен оппозиционер Атамбаевдин сырттан тон бычып жашыруун сүйлөшүүлөрү - жылына 60 млн доллар таза киреше алып келип жаткан АКШ базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу эле. Бюджетке кимдин жаны кейимек эле, 60 млн долларды Москва берип турмак беле, эптеп аскер базасын чыгарса болду да. Убактылуу өкмөт бийликке келген соң АКШ базасын чыгарууга кам көрүлүп, Атамбаев президент болгондон кийин ал чыгарылган. Атамбаев андан да эреркеп кетип, кыргыз чокусунун бирине Путиндин наамын берген. Атамбаев камалганда Путин өз чокусун көрсөтүп койду.
2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Бул шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» сыяктуу партиялар Жогорку кеңешке өтүп, «Мекенчил», «Мекен ынтымагы», «Чоң казат», «Республика», «Ата-Мекен», «Реформа», «Замандаш» сыяктуу партиялар парламенттик орундарга жетпей калышкан. Үчүнчү революцияны добушка жетпей калгандар чыгарып, Ак үйдү басып алып, аны өрттөшүп, Бишкекте жер-жерлерде башаламандык башталып, каалаган кызматын мародерчулук менен басып алуулар күчөгөн. Мамлекет жок болуу коркунучуна кептелген.
5-октябрь
120 мандат үчүн 16 партия ат салышкан. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, «Биримдик» - 46, «Мекеним Кыргызстан» - 45, «Кыргызстан» - 16, «Бүтүн Кыргызстан» - 13 мандат ала турган болот. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар Ак үйдүн алдына митингге чогулушат. Бул күнү кечкисин башаламандык башталат, милиция менен кагылышуулар чыгат. Эки тараптан тең зыян тарткандар болот. Милиция машиналары өрттөлөт. «Ишенген кожом сен болсоң, алды-артыңан тал карма» дегендей, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев житип жок болушат.
6-октябрь
Түнкү саат бирлерге чукул 130 адам ооруканага жеткирилет. Саат үчтөрдө митингге чыккандар Ак үйгө кирет. Саат бештерде камалып жаткан Атамбаевдер бошотулат. Камчыбек Ташиев баш болгон топ Садыр Жапаровду да бошотот. Шайлоо жараксыз деп табылып, парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков кызматынан чегинет. Кыйын убакта парламент башы жок калат. Бишкек мэри Суракматов да кызматынан кетет. Анын артынан Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустары жетекчисиз калат. Башаламандык башталат. Ак үйдү, Бишкекти мародерлордон коргоо максатында элдик дружиналар уюштурулат.
7-октябрь
Көчөдөгү кагылыштардан улам 911 адам жаракат алат. Саат 16ларда Садыр Жапаров Кыргызстандын премьер-министрлигине көрсөтүлөт. «Ата-Мекен» партиясы ага каршы Тилек Токтогазиевди көрсөтөт.
8-октябрь
Ички иштер министрлиги мамлекет жетекчиси Сооронбай Жээнбековдун жоголуп кеткенин кабарлайт. Парламентке Мыктыбек Абдылдаев төрага болот. «Ата-Мекен», «Бир бол», «Республика» жана «Реформа» партиялары биригип, пресс-конференция өткөрүп, премьерлик кызматка Өмүрбек Бабановдун талапкердигин түртөт.
9-октябрь
2020-жылдын 9-октябрында камактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен андан куугунтук көрүп жүргөн мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүшкөн. Атамбаев - оодарылган бийлик жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын, бул бийликти өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырган.
Андан ары алар жүрүш менен Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына келишкен. Бул топто Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Ирина Карамушкина сыяктуу мамлекетке жакшылык эмес, жамандык каалап тургандар кошулган. Нааразы топко жаш активисттер да аралашкан. 9-октябрь күнү Бишкекте минимум төрт саясий акция болгон:
1) Биринчи саясий акция - биз сөз кылып жаткан Алмазбек Атамбаев башында турган, көпчүлүгү 6-октябрда камактан жаңы бошотулгандардыкы болгон.
2) Экинчи акцияны - Кыргызстанда стабилдүүлүктү сактагысы келген Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган.
3) Үчүнчү - бийликти капыстан алмаштыргандардын саясий акциясы болуп жаткан.
4) Төртүнчү - түрмөдөн бошотулгандарга жана криминалдык кылмышкерлерге каршы митинги болуп жаткан.
Алмазбек Атамбаевди колдогондордун саясий акциясы «Форум» ишканасында уюшулуп, бийликти ээлеп алыш үчүн алар Бишкектин Борбордук аянтына келген. Бул жерде Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов миңдеген адам алдында сөз сүйлөп, элди бийликти ээлеп алууга багыттаган.
Атамбаев уюштурган адамдар жүздөрүнөн жарык чачып, жеңиш биздики деген эмдемсинүү менен Борбордук аянтка келген. Ошол мезгилде айтылып, социалдык тармактарга чыккан материалдарга караганда, Өмүрбек Бабанов бул күрөшкө Алмазбек Атамбаевди бетке кармап, эң биринчи мүмкүнчүлүк пайда болоору менен, аны бийлик жактан көзүн тазалап, кийинки ролдорго жылдырмак. Бул тууралуу ал өзүнүн ишенимдүү адамдарына айтып жатканы жазылган видео-ролик ошол учуруда көрсөтүлгөн.
Бабановдун тилегине каршы ошол мезгилде экинчи саясий акция уюштуруп, Кыргызстанда стабилдүүлүктү сактагысы келген Садыр Жапаровдун тарапташтары келип калат. Ошол жерден бул эки топтун ортосунда тиреш башталат. Аянтта тургандарга абактан чыккан башка саясатчынын тарапкерлери өкмөт үйү тараптан келип, таш менен бөтөлкө ыргыткан. Курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот. Атамбаевге карай атылган окту ким чыгарган же «кара пиар» үчүн Атамбаевдер өзү уюштурганбы?
Ар кимди боктоп-сактап, жамандаганды жерине чейин үйрөнгөн атамбаевчи депутат Ирина Карамушкина Атамбаевге карай ким ок атканын социалдык тармактарда, роликтерде жазылып калганы тууралуу саймедиреди. Дагы бир гипотеза боюнча Атамбаевдик команда элди өздөрүнө тартуу үчүн «кара пиарга» өздөрүнүн кишилерине тийгизбей ок аттырышкан деген да кеп бар. Эгер Атамбаевге каршы ок атылса, эмгиче өз милдетин «терең» билген коопсуздук органдары жердин түбүнөн болсо да таап чыгышмак.
Балким, экинчи гипотеза туура болуп жүрбөсүн? УКМКнын 9-башкармачылыгынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев 2020-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн башаламандык боюнча тергөөгө чакыртылган. 2020-жылдын 5-6чы жана 9-октябрдагы ызы-чуунун «башкесерлери» катары Жеңиш Молдокматов, Ирина Карамушкина, Канат Сагымбаевдер күнөөлөнүп турат. Албетте, экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов менен Сапар Исаковдор, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго караганда, булар жаян алдындагы балыктардай эле болсо керек.
Кийинчерээк социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Өмүрбек Бабановдун автоунаалары аткыланганы тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары бул аларды каралоо үчүн жасалган чагым экенин билдирип, алар элди карама-каршылыкка чыгаруу үчүн «кара пиар» үчүн атылган деген фактыларды айтышкан. Аянттагы кагылыштан жети адам жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалган. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу 11 жарым жылга соттолгон. Түрмөдөн бошогон мындан башка дагы бир нече адам, анын ичинде Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев жана башкалар да кайра колго түшүрүлгөн. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министрлиги менен чогуу 10-октябрда өткөргөн. Натыйжада мамлекеттин экс-башчысы жана анын сакчылары кайра колго түшкөн.
Интернетте тарап жаткан сүрөттө операция учурунда мурдагы президенттин уулдары Сейид Атамбаев менен Кадыр Атамбаев да дубалга такалып турганын көрүүгө болот. ИИМ Сейид жана Кадыр Атамбаевдер жана «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков окуяга күбө катары кармалганын маалымдаган. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов жашынып жок болушкан.
Ушул башаламандыктын башында турган Өмүрбек Бабанов биринчилерден болуп элди таштап, машинасына түшө качкан. Бул башаламандык алардын шермендечилиги менен же Борбордук аянттан качуу менен аяктаган соң журналисттер менен маектешкен Өмүрбек Бабанов: «9-октябрда аянтта жөн гана тынчтык митинги болчу. Биз түлөө өткөрүү үчүн чогулганбыз. Анан капыстан жин тийип кетип, кандайча бийлик алуу үчүн аракет кылгандарыбызды билбейм», - деп өзү уюштурган башаламандыкты жин тийип кеткен магнитттик бороонго салыштырган.
Бул окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 264-беренеси («Массалык башаламандык») боюнча иш ачып, ИИМ сотко чейинки өндүрүш баштаган. Белгисиз автоунаага ок чыгарып жаткан адамга да издөө жарыяланган.
Бул окуянын башталышы мындай. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровдун жактоочулары барып камактан чыгарышкан.
Бул күнү жалпы жонунан Алмазбек Атамбаевдин тогуз тарапташы эркиндикке чыкты. Алардын арасында Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган Фарид Ниязов, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагынбаев, Канат Осмоналиев, Фархат Бабиев, Канатбек Рыспек уулу жана Дамир Мусакеев бар. Атамбаевдин жакын адамы делген, анын бийлиги учурунда Бишкек шаарын башкарган Албек Ибраимов да бошотулган.
Булардын камактан бошотулушу туура болгонбу? Биринчиден, бардыгы мыйзам чегине кайтыш керек. Экинчиден, түрмөдөн чыгып кеткендердин баардыгы ордуна кайтарылганы туура болду. Мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыктан, сот процесси кайра жүрүп, баарынын иштери сотто кайра каралышы шарт. Анткени түрмөдө башка да адамдар бар да. Булар чыгып кетсе болот, катардагы жаран чыкса болбойт дегендей мамиле болбош керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg