www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыркы 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларды белгилеп жатабыз. Кечээ эле болгонсуганы менен, ага да бир жыл өтүптүр.

Болуп жаткан окуялар бир-биринин изин жаап кала берип, ал окуяга көп убакыт болгонсуп да кетти. «Элчи» социалдык саясий изилдөө институту ал окуяны тегерек столдо талкуулап, ал - «2020-жылдын октябрь окуясынын келип чыгуу себептери, андан алган сабак» деген темада өттү.

Чамасы ал окуя элдин нааразычылыгынан келип чыккан мыйзам ченемдүү көрүнүштөй. Мурдагы бийлик шайлоону ыплас өткөрүп, бийлик партияларына көп орун алганы бийлик алмашууга негизги түрткү болду. Ага коррупция менен коронавируска каршы күрөштүн начар жүрүшү кошулду.

Бул эми жалпысынан алганда. Бирок балекет кээде ошол окуянын бир гана кичине деталында катылуу болот эмеспи. Боло турган нерсе болду. Бирок кан дээрлик төгүлгөн жок.

Окуяны эскерүүдө Феликс Кулов мындай дейт: Жээнбеков менен жолугушуп, коомдук ишмерлер менен резиденциядан кетип бара жатып бет алдыбыздан Ташиев менен Жапаровду кезиктирдик. Алар президент менен сүйлөшүүгө бара жатышыптыр. Бир азубакыт өткөндө эле бири отставкага кетип, бири анын ордуна отуруп калды. Баары стихиялык түрдө болуп өттү. Бул нерсе кыргыз элине гана мүнөздүү.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов - ар бир элдин өзүнүн улуттук идеологиясы болуш керек деп эсептейт. Илгеркинин жакшы нерсесин сактап калыш керек, бир да өлкө жалаң жеке менчиктен турбайт. Мисалы, Кытайда менчиктин 69% мамлекеттин колунда. НАСА корпорациясы, Боинг - булардын баары менчиктин мамлекеттик формасы. Нааразычылык адилетсиз саясаттан келип чыгат. Ошондуктан, азыркы бийликтин баарын эсепке алуусу зарыл.

Журналист Дмитрий Евлашков үчүнчү революциянын чыгышына бийликтин аксымдыгы негиз болду дейт. Ал Сары-Могол деген жердеги бир окуяны эскерет, ал жерде мамлекеттик байракта тескерисинен тартылган түндүктү көрөт. Жергиликтүү бийликтин жетекчисине бул тууралуу айтканда, ал мен атайын ошенттим. Анткени, бийлик мага көңүл бурбай калды. Бийлик борбордо, биз менен иши жок дейт. Ошондуктан, айыл өкмөт, акимдердин ыйгарым укуктарын күчөтүү зарыл.

Евлашков - биз рекреациялык мамлекет болушубуз керек дейт. Чоң завод-фабрикаларыбыз болбош керек имиш. Кичи ГЭСтер, айыл чарбасы. Баары Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу тууралуу айтышат. А бул чөлкөмдө болсо Кытай зордук кылат. Ал эми Евлашковдун ою боюнча Сибирь - Перс булуңу деген темир жол магистралына киришибиз ылазым имиш. Бул жол менен тактай, мунай алып өтүүгө болот. Ошондой эле, Ирандын нефтисин да алууга болот. Бул схема Борбор Азияны камсыздайт. Кыргызстанда ондогон миң жумуш орун пайда болот.

Профессор Зайнидин Курманов болсо башкача айтат: Төңкөрүшкө мамлекет өзү себеп жаратат. Билбестик, даярдыктын жоктугу, сабатсыздык ага себеп болот. Биз дайыма эле элита тууралуу кеп кылабыз. Бирок ал бизде жок. Элита деген башкача болот. Биз темир жол тууралуу эмес, бийликке акылдуулардын келишине аракет кылышыбыз керек. Төңкөрүшкө жакырчылык, сабатсыздык себеп болот. Мисалы, Жогорку Кеңештегилер эл өкүлдөрүбү? Бир карасаң парламентибиз бардай, бирок ал жок. Кеңешчилердин институту керек. Ошондо өлкө өзгөрөт.

Саясат таануучу Денис Бердаков экономикада баалар өсүшү, кооптуулук дагы эле бар экендигин айтат. Алардын негизгилери - алсыз мамлекеттик институттар. Эгерде министрдин айлыгы 20 миң сом болсо, ал эмне деген башкаруу? Парламент эл менен байланышуунун механизми деген функцияны аткарбай калды. Жалаң гана жеке кызыкчылыкты көздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости