www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдованын баш прокурору камалды

Парламенттик оппозиция тарабынан дайындалган Молдованын баш прокурору Александр Стояногло кызматынан алынып, коррупцияга шектүү катары камакка алынды.

Молдованын чалгын жана коопсуздук кызматы баш прокурордун кеңсеси менен үйүн тинтип, андан соң аны Кишинёвдогу тергөө абагына жеткирди.

Александр Стояногло кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кызматтык милдеттеринен аша чаап жана коррупцияга аралашкан деп айыпталып жатканын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча прокурор Виктор Фуртуна билдирди.

Президент Майя Санду Москва колдогон мурдагы мамлекет башчысы Игорь Додонду былтыркы шайлоодо утуп чыккан. Александр Стояноглону баш прокурорлукка 2019-жылы Игорь Додон президент болуп турганда дайындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости