www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алган электр энергиясы үчүн Ооганстандын Тажикстанга болгон карызы 1,1 миллион доллар. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазат. Маалыматка ылайык, Ооганстандын кошуна өлкөлөргө электр энергиясы үчүн болгон жалпы карызы 62 миллион доллардын тегерегинде.

 Өзбекстанга болгон карыз 9,9 миллион доллар, ал эми Түркмөнстанга 5,1 млн доллар. Бул арада Иран Ислам Республикасы ооган тарапка 25 миллион долларга электр энергиясын берген.

Белгилей кетсек, буга чейин DABS коңшу өлкөлөргө - электр энергиясын экспорттоочуларга - Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Иранга кат жөнөтүп, карызды төлөөнү убада кылган.Ошондой эле, компаниянын жетекчилиги БУУнун Ооганстандагы миссиясына кайрылып, карызды жабууга жардам сураган.

Ал арада Ооганстандын мамлекеттик энергетикалык корпорациясынын (DABS) мурдагы башчысы Дауд Нурзай белгилегендей, азыр Кабулда электр энергиясы боюнча маселе жок, бирок кыштын келиши менен абал кескин начарлап кетиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости