www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Орусиянын дээрлик бардык региондору менен кызматташтык түздү. Бул тууралуу республиканын президенти Эмомали Рахмон «Eurasian Legal Journal» журналынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. «Тажикстан Орусиянын 80 региону менен жемиштүү мамиле түздү. Өлкө Орусия Федерациясы менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, чыңдоого жана улантууга терең кызыкдар», - дейт тажик мамлекет башчысы.

Анын айтымында, Орусия Тажикстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн 30 пайыздан ашыгы Орусия Федерациясына туура келет. Рахмон республиканын саясатынын эң маанилүү максаты Орусия менен байланышты андан ары кеңейтүү экенин баса белгиледи. Москва Дүйшөмбүнүн башкы стратегиялык өнөктөшү.

Тажикстандын президенти Орусия менен достук мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты жогору баалады. Рахмон жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар эки мамлекеттин өнөктөштүгүнүн маанилүү фактору экенин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, республиканын президенти учурда Орусия менен Тажикстан ар кайсы тармакта 150дөн ашык келишимге кол койгонун айтты. Татаал саясий кырдаал жана террордук коркунучтардын алдында Москва менен Дүйшөмбүнүн кызматташуусу «региондогу стабилдүүлүктү сактоо жана бекемдөө» факторуна айланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости