www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кандай гана болбосун "Азаттык" көздөгөн максатына жетти. Ортодо кандай кызыкчылыктар ойнобосун Раим Матраимов маалыматтык согушту уттурду. Бул утулуш убактылуубу же дагы жаңы маалыматтар чыгабы убакыттын маселеси.
Ошентсе да турмуштагы чыныгы Раим Матраимов ким? Ал эмне болгон адам? Чынында эле "Азаттык" кашкайта сүрөттөп айтып бергендей сууга салсаң чөкпөгөн, отко салсаң күйбөгөн, бийликтин тиши өтпөгөн Кыргызстандагы орду толгус ири коррупционерби? Эмнеге Раим камалбайт деген мына ушундай суроолорго, азырынча толук жооп болбойт деп ойлойм. Себеби Раим Матраимовду сүрөттөп, ачып берип жаткан жалгыз маалымат булагы "Азаттык" гана болууда.
Эркин журналистика эталону катары анда иштеген журналист кыз-жигиттердин профессионалдык чеберчилигине карабай, маселе олуттуу болгон соң, жалгыз "Азаттыктын" оозу менен айтылган маалыматка 100 пайыз таянып биротоло өлдү-көмдү кылып тыянак чыгаруу албетте азыр эрте. Менимче дагы далай маалыматтар чуурулуп чыгып, ишенип же ишенбей турган, териштирүүнү талап кыла турган жагдайлар бара-бара бышылып жетиле берет. Тыйындын да экинчи бети бар дегендей, элди ишендирүү, айтылган маалыматтарды фактылар менен далилдеп берүүгө же актанууга Матраимовдордун да толук укугу бар. Коомчулукту жетиштүү далилдер, фактылар менен ынандыруу Матраимовдордун мындан аркы тагдырын да аныктайт. Андыктан ар тарап болуп отуруп акыр аягына убакыт чекит коёт.
Ал эми Азаттыктын иликтөөсүнөн кийин жеке менде бир нече ой пайда болду.
Алар:
1. Айеркен Саймаити, Раим Матраимов, Икрам Илмиянов өңдүү фигуралар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда пайда болгон. "Азаттык" белгилеген миллиондор операциясы да 2011-2016 жылдары ишке ашкандыгы айтылууда. Ошол кезде Кыргызстандан чыгарылып жаткан ири суммадагы акчалар кимдин амири менен ишке ашып турган? Каржы полиция, УКМК, Башкы прокуратура көз алдынан сыртка кетип жаткан акчаларды эмнеге көргөн эмес? Эгер көрсө эмнеге үн катпай келген? Миллиондор жалгыз Раим Матраимовдун акчалары болгонбу же ошол кездеги бийликтеги эң таасирдүү адам катары Икрам Илмиянов көмүскөдө көзөмөлдөп, балким президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси болгонбу? Сыртка чыккан акчалар кайра Кыргызстандагы атайы фонддорго которулуп адалдаштырган окшош схемаларда Атамбаевди да тиешеси бар экенин буга чейин Эдил Байсалов да өз иликтөөсүндө айткан. Демек Раимдин акчаларын Айеркен Саймаити адалдаган болсо, Атамбаевдин акчаларын Субихи Пархати адалдаганбы? Дегеле бул эки уйгур улутундагы жигиттин ортосундагы окшош схемалар эмнени туюндурат? Мына ушуга окшогон суроолор жоопсуз калууда. Ошол эле миллион, миллиарддап товар кирип жаткан Торугарт, Эркештам бажы өтмөктөрүн бийлик көзөмөлүнөн чыгарып жиберүүсү да дээрлик мүмкүн эмес эле. Негедир "Азаттык" да бул тууралуу өз иликтөөсүндө маалымат бербептир.
2. "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү маалымат булагы катары киши колдуу каза тапкан Айеркен Саймаитиге канчалык деңгээлде ишенсе болот? Анын артында кимдер турат? Ал өз өмүрүн тобокелге салып иликтөө жүргүзүүгө башкы каарман болуп катышууга эмне түрткү болгон деген сыяктуу сырдуу суроолор да албетте туулбай койбойт. Демек Саймаити "Азаттыкка" берген документтердин чоо жайы, оригиналы, органдар, эксперттер тарабынан текшерүүгө алынышы керек.
3. "Азаттыктын" атайын иликтөөсү коомчулукта резонанс жаратып жаткан соң, эфирден чыккан материалга, дүйнөлүк журналистика эрежелерин түшүнгөн журналисттерден турган комиссия түзүлүп баа берилиши керек.
Анда:
Иликтөө учурунда журналистика эрежелери сакталдыбы? Бети жабылып интервью берген адамдар чыныгы каармандарбы? Маалымат бир беткей берилген жокпу? Азаттык мамлекетке же жеке Матраимовдун өзүнө карата атайы каралоо максатын көздөгөн эмеспи деген суроолорго жооп алуу абзел.
4. "Азаттык" өз иликтөөсүндө Раим Матраимовду Сооронбай Жээнбековго жабыштырууга аракет кылгандай жерлери байкалгансыды. Бирок, менимче Раим Матраимовдун ишмердүүлүгү Сооронбай Жээнбековго караганда Алмазбек Атамбаевдин тушунда алда канча гүлдөгөн десек болот. Анткени ал Бажы кызматынын орун басарына чейин көтөрүлгөнүн билебиз жана Раим Матраимов Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштеп турду.
5. Бийлик Матраимов маселесинде чечкиндүүлүгүн көрсөтүшү керек. Бирок "Азаттык" айтты деп актануу да, шашып кетүү да болбойт. Иш көлөмдүү, убакытты талап кылышы мүмкүн. Негизгиси акчалуулардын талашына же бир чоң саясий оюндарга президент аралашып калбоосу тийиш. Президентке андайдан оолак болушу үчүн тийиштүү органдар таза жана тыңыраак иштеп Раим Матраимовдун дарегине айтылган ар бир сөздү иликтеп, чекит койсун. "Коррупция менен күрөштө эч кимди аябайм" деп калың журт алдында берген Президент Жээнбековдун убадасы да жерде калбашы керек.
6. Жалгыз Раим Матраимовду колунан жетелеп барып түрмөгө отургузуп коюу менен бажы маселеси чечилбейт. Раим жок болсо анын ордуна "Раим" болгусу келген миңдеген башка бажычылар чыгат мисалы. Негизги маселе бажы өтмөктөрүндө көзөмөлдү күчөтүү боюнча президент тарабынан катуу талаптар коюлушу керек. Онлайн видеокамералар орнотулуп, маалымат чогулта ала турган электрондук таразалар орнотулуп, Оштон өткөн ар бир жүктүн салмагын Бишкек билип турушу керек.
Медербек Шерметалиев журналист