www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Энесинин жолун жолдогон жылдыз...»

Голливуд жылдызы Anne Jacqueline Hathaway 1982-жылы 12-ноябрда Бруклинде туулган. Актрисанын апасы да таланттуу актриса болгон. Энесинин жолун жолдогон болочок жылдыз мектептин жогорку класстарында окуп жатканда эле "Матрацта болгон окуя" мюзиклинде роль жаратып, "Paper Mill Playhouse Rising Star" сыйлыгынын "Жогорку класстарда окуган актрисалар арасындагы эң мыкты аткаруу" номинациясына талапкер болгон. Актрисанын чыгармачылык иши "Fox" телеканалындагы "Өзүңдү табигый түрдө карма" кыска метраждуу телесериалы менен башталган. Кийинчерээк актриса Мия Термополистин ролун аткарып, "Disney" компаниянын "Канбийкенин күндөлүгү" ат алышындагы күлкүлүү окуялуу тасмада башкы ролду аткарган. Бул ролу үчүн актриса "Teen Choise" сыйлыгынын "Күлкүлүү окуялуу тасманын актрисасы" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Хэтэуэй "Николас Никлби", "Сыйкырлап алынган Элла", "Канбийкенин күндөлүгү 2, «Аристократтык чөйрө менен таанышуу" жана "Абайла! Кызыл топучан кыз" сыяктуу тасмаларда роль аткарганы үчүн "балдарга үлгү көрсөткөн актриса" катары кеңири таанымал болгон.

"Аристократтык чөйрө менен таанышуу тасмасы ага өзгөчө атактуулук алып келген...

" Мен мыкты жетекчимин, ийгиликтүү айыммын деген бардык ишкер айымдардын сүйгөн тасмасы бул «Аристократтык чөйрө менен таанышуу" фильми. Дүйнөдөгү ийгиликтүү айымдардын көбү аталган тасманын башкы каарманын идеал тутушат жана анын жеткен ийгиликтерине жеткилери келет. Кудум башкы каарманды туурап жардамчы күтүшөт, тарбиялашат. Мындан улам тасма көздөгөн максатына жете алган дешет кино талдоочулары. Аталган тасмада Хэтэуэй жөнөкөй журналисттин аристократтардын чөйрөсүнө аралашуусун, кыйынчылыктарга карабай ийгиликке жеткенин өзгөчө чеберчилик менен аткарган. Бул образы аркылуу ал бүткүл дүйнө элдеринин сүймөнчүлүгүнө татыган. Кайсы гана образды жаратпасын, күйөрмандары аны ийгиликке жеткен жөнөкөй журналисттин образында көргүсү келе бергендигин бир топ маектеринде айтып келет.

"Өмүрү киного, киносу өмүргө айланган талант..."

2005-жылдан тартып Хэтэуэй чоңдорго арналган тасмаларда тартыла баштаган. "Башаламан" тасмасында роль аткарганы үчүн "DVD Exclusive Award" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын жеңген, "Тоонун сыры" тасмасы актрисага АКШ киноактерлор гильдиясынын сыйлыгынын номинациясын алып келген. Кийинчерээк актриса Мерил Стрип менен бирге "Маска кийген шайтан" тасмасында тартылып атактуулукка жеткен. Хэтэуэй "Рэйчел турмушка чыгууда" тасмасында баңгизатка көз каранды болгон адамдын ролун аткарганы үчүн Critics` Choise Movie Award сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын уткан жана "Оскар", "Алтын глобус", АКШ киноактерлор гильдиясынын сыйлыгы жана "Indie Spirit Awards" сыяктуу сыйлыктардын "Эң мыкты актриса, башкы актриса" номинацияларынын талапкери болгон. Мындан сырткары алып баруучулук, ырчылык менен да алектенип келет. 2006-жылы актриса "Дүйнөдөгү эң сулуу 50 инсан" тизмесине кирген. Үй-бүлөлүү, балдарынын мээримдүү энеси, миллиарддаган күйөрмандардын сүйүктүү актрисасы.

Булак: "Фабула"

 

Последние новости