www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика министрлигинин банкрот иши боюнча департаментинен Алексей Елисеевдин пайдасына мыйзамсыз жол менен 120 миллион сом чыгарып кетүү аракети көрүлгөндүгү тууралуу УКМКнын маалыматын четке какты.
Алардын маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун райондук аралык сотунун 2010-жылдын 4-июнундагы чечимине ылайык “Кристалл” ишканасы банкрот деп табылган.
“2011-жылдан тартып “Кристаллдын” мүлкүн сатуу боюнча 18 жолу аукцион өткөрүлгөн. Акыркы аукциондо бардык лоттор бир лотко бириктирилип, 2018-жылдын 16-мартында атайын администратор анын баасын 248 миллион 130 миң 300 сомго баалап, баштапкы болжолдуу баасынан 50 пайызга арзандатуу менен сатыкка койгон. Жеңүүчү болуп 423 миллин 340 сом сунуштаган кытайлык «Ваньцюань ЛТД» компаниясы таанылган”
Ишкананын мүлкүн сатуу менен “Кристаллдын” кредиттик карыздарынын бардыгы төлөнгөн.
Ошону менен бирге УКМКда айтылып жаткан жаткан 120 миллион сомдун 67 миллион сомун атайын администратор УКМКнын сактоо депозиттик эсебине которгон.
Калган суммасы болсо “Кристалл” ишканасынын эсебинде турат. Ал боюнча учурда компаниянын кредиторлору менен соттук териштирүү иштери уланып жатат.
Ведомстводон баса белгилегендей, “Кристалл” ишканасын сатуудан түшкөн каражаттын калдыгын мамлекеттин пайдасына которууну дал ушул банкрот иши боюнча департаменти демилгелеп, демилге атайын администратор менен укук коргоо органдары бирге карап чыккандыгы маалымдалат.
Эске салсак, буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы (АКС) Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) мурдагы жетекчисинин орун басары Алексей Елисеевдин “Кристалл” ишканасында активдери бар экендигин маалымдаган. АКСтин маалыматы боюнча Экономика министрлигинин банкрот иштери боюнча департаментинин жооптуу кызматкерлери “Кристалл” ишканасын атайын администрациялоо маалында, Елисеевге соттун чечими чыккандыгына карабай, анын пайдасына 120 миллион сом алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан.
Ошентип, УКМКнын мындай маалыматына Экономика министрлиги ушинтип жооп кайтарып отурат. Ал эми УКМКдан өздөрүнүн эле конторасынан кылмыш ишинде далил буюмдар катары өтүп жаткан 200 миң АКШ доллары тууралуу имиштерге так жана фактылар менен маалыматты качан таратышат болду экен деп эле күтүп отурабыз?
Булак: NazarNews.kg