www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик тармактарда жеке кызыкчылык, өзүмчүлдүк басымдуулук кылгандыктан көп нерсенин ишке ашуусу кыйын болуп жатат. Мындай пикирин Медербек Ысманалиев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
"Мен күбө болгон тармактын кызматкерин алалы (баары эмес бирок көбү ушундай, тилекке каршы. Ошол көпчүлүк түз адамдарды да "бузат" жана андай жерде ой-сунуштар да ишке ашпайт. Мамлекеттик жумушта иштегиси келбегендердин да себеби ушунда). Ал "мите курттар" үчүн өзү иштеп аткан мамлекеттик органдын жалпы саясаты, кызыкчылыгы мындай турсун, ошол мамлекеттик тармактын башкармалыгынын бөлүмүнө караштуу сектордун, жамааттын кызыкчылыгына караганда жеке өзүнүн кызыкчылыгы, аброю, статусу жана жыргалчылыгы жогору турат.
"Өзүмө дегенде өгүздөй күчүм бар" демекчи, эгерде бир долбоордун же кайрылуусун жеке өзүнө пайдасы тийбесе, кайдыгер мамиле жасап, нары түртүп коёт. Мүмкүн ал долбоор мамлекетти өнүктүрүүгө эң чоң салымын кошмок - кызыктырбайт. Катка жооп бергенде да, компьютерде 15-20 жыл мурун жазылган каттардын стандарттуу шаблону даяр. Изденүү, жаңылануу жокко эсе. "Сен мени тийбей, мен сени тийбейм" принциби биротоло сиңип калган.
Мамлекеттик ой жүгүртүү жөнүндө сөз жок.
Койкоюп, жакшы кийинсе, кооз сүйлөсө, кымбат баалуу унаада жүрүп, маянасы жогору жумушта иштеп, бардык шарты бар үйдө жашаса - мына анын максаты!
Чет өлкөгө барса, эмне иш-чара, анын Кыргызстанга пайдасы канча - иши жок. Эптеп, эл-жер көрүп, арак ичип, шоппинг кылып, турист болуп барып келет. Келгенден кийин андан отчет алган жан жок.
"Бир кумалак бир карын майды чиритет" болуп, Кыргызстанды жаман көрсөтөт. Четтен ала турган тажрыйбасын мамлекеттин эмес, жада калса өзүнүн аң-сезиминин да өсүүсүнө кошпойт.
Мамлекеттин багытын, кызыкчылыгын уруп ойнобойт экен... Тообо. "Я должен жить для себя" дейт...
"Бир тармактан адис болуп, бир жерден көгөрүп-агарып, мамлекет үчүн кызмат кылайын" деген принцип жок. Кесиби туура келбесе дагы, бирок айлыгы жана кичине тыйын-тыпыры бар тармактарга секирип жүрө берчү "көпөлөктөрдүн" бири. Мындайлар иштегендин ордуна саботаж кылып болсо да, өз көмөчүнө күл тартаары турган иш.
Жумуштан кетээри менен кечээки "пахтакорлук" оюн, жүзүн 180 градуска дароо бурду.
Бирок эртең бир жерге кызматка туруп калса, таң калбаш керек.
Кагылайындар, ушундай адамдарды сунуштаардын алдында бир аз ойлонуп, жоопкерчилик алып койсоңуздар", - деп жазган Ысманалиев.