www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад областык ЦСМ в 5 миң сомдон жыйнап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Маалыматка таянсак, "облустук ЦСМдин бухгалтери Жанара Өмүрзакованын иштегенине 20 жылдан ашканы менен же өзү тойбоду же медиктерди тоногонун койбоду! Жылда Эсеп палатасынан текшерүү келгенде медиктерди кууратмай болду. Жыл сайын эң аз дегенде 5-7 миң сомдон чогултуп беребиз. Бул жолу чыдамыбыз калбады!

Эсеп палатасындагылар келээри менен бүгүн 5 миң сомдон жыйнап жатабыз. КТУ жаздырып, 5 500 сомдон картабызга которуп туруп, 5 миң сомдон жыйнап бергиле деп жатат! Болгону 6-7 миң айлыгыбыз болсо, бул тойбосторду качанкыга чейин багабыз? Биздин бала-чакабызчы? Аларды ким ичиндирип-кийиндирет?

Беш үй-бүлөлүк врачтар иштеген мекемеде (ГСВ) 100 дөн ашуун кызматкер бар. Ар биринен 5 миң сомдон топтогондо 500 миң сом (жарым миллион) болуп жатат. Бухгалтерия жеп, анын тойгон акчасын биз бечара медиктер төлөп беребизби? Акыйкаттык кайда? 20 жылдан бери медиктердин жонун тилип бүттү го?! жергиликтүү УКМКда оозун майлап коёт окшойт. Деги унучукпайт", - деп жазылат, редакцияга келген катта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости