www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доналд Трамп Ак үйдө АКШдагы мусулман коомчулугунун өкүлдөрү үчүн уюштурулган ооз ачырууга өкмөт мүчөлөрү жана Вашингтондогу дипломатиялык жамаат, анын ичинде элчилер да чакыртылган. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

- Cилердин ар бириңердин жана дүйнөдөгү бардык мусулмандардын орозосу кабыл болсун! Биз бүгүн кечте дүйнөнүн эң улуу диндеринин биринин ыйык салтын урматтап жатабыз, - деди Трамп чогулгандарга кайрылып.

Трамп бийликке келгенден бери биринчи ирет ооз ачырды. Ал көп жылдан бери АКШнын президенттери өткөрүп келген жөрөлгөдөн былтыр баш тартып койгон.

6-июнь күнү кечинде Ак үйдүн сыртында бир катар укук коргоочу топтор “Трамтын ооз ачыруусуна жол жок!” деген акцияга да чыгышты.

Алар Трамптын риторикасы айрым америкалык мусулмандарды басмырлоого жана дискриминациянын күчөшүнө салым кошконун белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости