www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы тил менен айтканда өкмөттүн Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, мурунку тил менен айтканда губернатору Абиш Халмурзаев маданият деген эмне экенин билбегсн бир жетекчи сөрөй окшобойбу? Деги бул адам китеп бетин ачып, музыка угуп, өнөр дүйнө дегенге бет буруп көрбөгөндөй. Жалаң гана акча жана кызмат деген «оорулар» менен алек окшойт.

Дегенибиз, өткөн айларда, тагыраагы үстүбүздөгү жылдын 28-29-март күндөрү Токтогул атындагы мамлскеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Эл артисти, жөнөкөй тил менен айтканда кыргыз элинин сыймыктуу кызы Саламат Садыкова «Сахнада 40 жыл» аттуу чыгармачылык кечесин өткөрдү. Саламат айымдын кичи мекени өрүкзарлуу Баткен жергеси эмеспи.

Анан аталган аймактын жетекчиси Абиш Калмурзаев да кеченин сыйлуу коногу катары чакырылыптыр. Бирок, Калмурзаев деген караңгы эме Эл ырчысынын кадырын кайдан билсин, аттиң. Бир сөз менен айтканда «тескери ушатыптыр». Келбесе келбей эле койсун, бирок, Абиш мырза жылуу сөзүн айтканга жарабаганы жигитчиликке жатпайт го. Бара албайм деп ар кайсыны айтып, Саламат айымдын намысына тийген сөздөрүн айтканы кандай?

Билген кишиге өнөр деген улук. Өнөр адамы бул элдин адамы. Айтылуу Абылай хан да төргө эң биринчи ырчыны өткөрүп, андан соң өзү өтчү экенин аңыз кылып казак боордоштор айтып келишет. Жок дегенде Эл адамына татыктуу мамиле кылуу да кыйынбы?

Садыкова Калмурзаевдин чапанына, эки барак кагазына деле муктаж эмес го. Ал киши мамлекеттик сыйлыктарды эбак алып койгон, Абиш мырза базарда соода-сатык кылып жүргөндө эле. Адабият менен маданиятты эмес, акча менен кызматты улук койгон Калмурзаев ушуну түшүндү бекен?

Булак: Де-факто
 

Последние новости