www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы милдеттенмелери боюнча дефолт жарыялоосу гиперинфляцияга жана каржы системасы анча туруктуу эмес Европанын өзүн дефолтко алып келиши мүмкүн, деп билдирди Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram каналында.
Ал Еврокомиссиянын (ЕК) төрагасы Урсула фон дер Ляйендин сөзүнө да көңүл бурду, фон дер Ляйен – Орусиядагы дефолт бул убакыттын гана маселеси деген ойду билдирген. «Макул, анда аракет кылгыла», - деди Медведев ага комментарий берип жатып. Ошону менен бирге ал «эки ачык-айкын пунктту» белгиледи.
«Орусиядагы дефолт Европанын өзүндөгү дефолтко алып келиши мүмкүн. Моралдык да, балким, материалдык да», - деди ал. Аны менен кошо Медведев Евробиримдиктин каржы системасы анчалык туруктуу эмес, Европа элинин ишеними төмөндөп бара жатканын да эскертти жана 2008-жылдагы кризисти эске салды: «Эстен кеткис 2008-жылы деле анчалык солкулдаган жокпуз, андан кийин абдан кыйын болду», - деп кошумчалады Медведев.
Булак: NazarNews.kg