www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээ жөнүндө 10 факт

Мээ аркылуу бийиктикке көтөрүлүп, болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишсе  болот.

Бирок, ал үчүн мээнин иштөө принциптерин билүү керек. Cиздерге мээнин иштөө факторлору жөнүндө жазып, анын үстүнөн бүгүнтөн баштап иштөө керек экендигин сунуштайт. Мээ ар бир ойлогон ойго таасирленгени менен, кайсыл жакта чындык жана кайсыл жакта фантазия жатканын түшүнө бербейт. Ошон үчүн жашоодо «түстүү көз айнекчен» адамдар башкаларга караганда  өздөрүн көбүрөөк бактылуу сезишет.

Мээнин чарчоосу, эмоциялардан болот. Бүгүнкү биз ойлонуп жаткан көпчүлүк ойлор – бул кечээки болуп өткөн окуялар. Ошон үчүн пессимист адамдарга өздөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүү кыйын болот. Мээни жаман ойлордон тазалап, позитив ойлорду гана ойлонуп жүрүү керек.

Курчап турган дүйнөңдү  өзгөрткүн келеби – анда оюңду өзгөрт!

Мээнин булчуңдардан эч айырмасы жок, ошон үчүн аны дайыма машыктырып туруу керек. Машыктырууга  китеп окуу, таза абада спорт менен машыгуу, туура тамактануу, тынч уйку, саякат, жаңы нерселерди үйрөнүү, күндөлүк жазуу, бий жана оюндар жардам берет.

Ал тургай биз уктап жатканда да , мээ тынбай иштеп турат. Күндүзгү иштерге  караганда, түш көрүп жатканда мээнин иштөө активдүүлүгү жогору болот. Ошон үчүн, миңдеген жаман ойлорго түшүп кетпеш үчүн, спорт ж.б. мээ үчүн көнүгүүлөрдү тынбай жасап, эс алууну дагы унутпоо керек.

Эс алуу – мээге эң пайдалуу болуп эсептелинет. Жакшы ойлорду ойлоп, жаңы идеяларды алып келиш үчүн, биринчиден мээдеги жаман, негатив ойлордон арылыш керек.

Бирок, өкүнүчтүүсү  кайсыны унутуу керек, кайсыны эстөө керек экенин биз чече албайбыз.

Мээ — эч бир ооруну сезбейт.

Эгер биз алдыга койгон максатка жетүүгө күмөн санасак, анда ал күмөн жүрүп – жүрүп отуруп мээге сиңип калат. Бул күмөн саноону, «менде баары жакшы болот» деген фразага алмаштырсак анда мээ алдыда турган ишти жүзөгө ашышына мүмкүнчүлүк түзө баштайт.

Булак: "Айымдарга миң кеңеш"

Последние новости