www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакшы мыйзамдарды көтөрүп жатасыздар. Акыркы мезгилдерде Кыргызстандын аймактарында жаратылыш кырсыктары абдан көп болуп жатат. Ошондуктан бир айда кырсык болгон аймактарга 7-8 жолу учуп барууга туура келди. Учурда учактардын билеттеринин баасы канчадан болуп жатканы жалпыбызга маалым. 19-20 майда төрага расмий кырсык болгон жерге барып эл менен жолугушууга барганга баардыгыбыз эки жолудан билет алмаштырдык. Биз шайлоо учурунда аябай популисттик убадаларды берип алып, ошондон чыга албай кыйналып жаткан партиянын сунушун колдоп жатабыз. Ошондуктан мен дагы кесиптештеримди чакырып кетем Жогорку Кеңештин депутатынын статусун дагы карасак. Анан бир жээктен экинчи жээке секирип, депутаттыкка болгон кол тийбестикти алып салабыз деген бул туура эмес. Мен бул мыйзамды колдобоого кесиптештеримди чакырып кетем, - деди бүгүн, 8-июлда ЖК жыйындар залында депутат Улугбек Ормонов.

Ага чычалаган “Республика-Ата журт” партиясынын депутаты Табылды Тиллаев:

-Урматтуу кесиптештер, партия жөнүндө абайлап сүйлөңүздөр! Баардык эле партиялар “обещать” эткенсиңер. Жалгыз эле “Республика – Ата журт” “отказ” берген эмес. Ошондуктан абайлап мыйзамдын негизинде сүйлөсөк. – деди.

Улугбек Ормонов:

-Мен партиянын атын айткан жокмун. Партиянын атын сиз айттыңыз. Сиз айтып атсаңыз ошол партия экенда анда...

-“Республика-Ата журт” партиясынын депутаты Табылды Тиллаев:

-Ооба, биздин партия “Республика – Ата-Журт”, – деди.

Эске сала кетсек, ЖК эл өкүлдөрү шайлоо учурунда кызматтык батир жана унаадан баш тартуу тууралуу элге көк тиреген убадаларды берип келишкен. Андан сырткары буга чейин дагы, мамлекет тарабынан берилген батир, унаалардан баш тартабыз деп айрым депутаттар “өпкөлөнгөнү” эсибизде. Кайрадан Жогорку Кеңеш бул маселени кайрадан көтөрдү. Бирок “Республика-Ата-Журт” партиясы көтөрүп чыккан мыйзам долбоорун кесиптештери көзүнүн кыры менен карап анчалык деле жактыра берген жок.

Булак: NazarNews.kg

Следующий >

Последние новости