www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы, Мээрбек мырза. Эртең, 7-апрелге даярдык кандай?

--Саламатчылык. Эртең, 7-апрелге 7 дубандан киши чакыртылды. Алгач курман болгондорго Ата-Бейитке барып куран окутулат, андан кийин план боюнча аянтка келебиз. Жалпы чакырылган кишинин тизмеси 900дөн ашты.

--Эл арасында, жөө жүрүшкө 10 миң киши алып чыгат деген сөз болуп жатат...

--Биз ошол митингден жадап, элге ынтымак-тынчтык, биримдик каалап жүрсөк, кайра көчөгө чыкмак белек. Чыкпайт эч ким! Кайдагы 10 миң адам...

--Сен өзүңдү ары-бери чапкылап атасың, пайдасы тийип жатабы?

--Жок, мен өзүм батирде жашап жүрөм. 2010-жылы апрелде ок жегендердин катарында бир бөлмөлүү үй алганмын. Аны да депутат болом деп сатып жибергенмин. Эл арасында айтылган "Ленд крузер 470" менен эмес, маршруткада эле жүрөмүн. Тааныгандар: “ай сен Мээрбексиңби?" деп, сурашат. Чынын айтканда жашоомдо джипке 4-5 жолу эле чыкканмын. Кыскасы элдерге такыр жакпайт экенсиң, маршруткада жүрсөн дагы, машинада жүрсөң дагы баары-бир сөз кыла беришет экен. Кыскасы эч кимге жаккан жокмун.

--Мээрбек, 7-апрелдеги төңкөрүш өз максатына жеттиби же жеткен жокпу?

--Жеткен жок. Чындыкты айтып койсоң эле куугунтук кылып коркутат, камап коем деп. Мени эми 3 млн сом жеп койду деп атышат. Мен кайдан акчаны жеп коём. Бир тыйын жеген эмесмин...Кыскасы арман көп.

--Алмазбек Атамбаевге бат-баттан жолугуп турасыңбы?

--Атамбаевди көрбөгөнүмө көп болду. Өткөн жылы көргөнмүн.

--Сооронбай Жээнбековдун саясатына эмнеге каршы чыгып жатасыңар?

--Мен жеке өзүм Сооронбай Шариповичди колдоймун. Бүгүн эле ал кишиге балдар кирип чыгышты. Биз Сооронбай Шарипович кетсин деген жокпуз. Менин катачылыгым “просто” Асылбек Жээнбеков тууралуу жараны мен козгоп койдум, эми алардын жүрөгүндө 6 жыл бою калат. Караңызчы, Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкерлигин койгондо Таласта, “Мен, Сооронбай Жээнбековду колдоймун”, деп ачык жарышка чыкканмын. Ошондо “Сооронбай Жээнбеков президент боло албайт “тата-пата” дегендер Жээнбековдун камчысын эми чаап, мактап жүрүшөт. Таң калып атам. Асылбек Жээнбековду кызматтан кетсин дегенибиз, Сооронбай Жээнбеков жаман сөздөн алыс болсун деп атабыз. Мен Сооронбай Жээнбековдун саясатын мындан ары да колдоймун.

--Асылбек Жээнбековдун мандатын алуу боюнча ким буйрук берген?

--Бул өткөн жылы сентябрда сөз болгон. Сооронбай Жээнбеков президент болсо иниси депутаттыктан кетет, биз сүйлөштүк деп Фарид Ниязов айткан. Асылбек Жээнбеков депутаттыктан кетсе бизге келсин, биз бул кишини кош колдоп колдойбуз.

--КСДПнын депуттары ич ара Асылбек Жээнбековдун мандатын алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнү чынбы? Идеянын автору ким?

--Чындыгын айтканда мен КСДПнын депутаттары менен сүйлөшпөймүн. Курултайга барганым жок. КСДПнын депуттары аман эле болсун. Өмүрбек Текебаевдин маселесин ЖК де көтөрүп чыкканда, Өмүке кийин мени талкалаган. Ошондо КСДПнын депутаттарына "мени колдоп сөз сүйлөп койгулачы",  десем бири да колдоп-коштоп сүйлөбөй койгон энеңдиурайындар. Жогорку Кеңештин депутаттарынын деңгээлдери торпок. Үч депутаттын башы биригип, туалетке барып келгенче көчүгүңдөн шыбап коет. Бири-бизди шыбап олтурсак оңолбой калдык го. Бир нерсе десең эле, "Мээрбектин мээси жок, мээсин суук уруп кеткен, деңгээли жок", деп айтат. Бүт баары Фейсбукта олтуруп атып шилтеме жазат, кыйын экен чыкпайбы алдыга...

--Мегакомдо кеңешчи болуп иштегениң чыкпы?

--Чын, болгону 30 миң сом алам. Мага 100 адам келсе, 90у акча сурап келет. Ал акча бат эле жок болот. Өзүм Таластыкмында, мени мактап койсо эле эдиреңдеп баардык акчамды берип салып, өзүм жолдо калам. Акыркы күндөрү саясаттан чарчап калдым. Кыйын болгум да келбей калды, “бириң терек - бириң тал, бириң өлүп - бириң кал” деп, Таласка барып фасоль тиксемби деп ойлонуп кетем. Мен жаманга чыгып эле, калганы аппак болуп чыга келет, сөз мага эле тийип жатат. 7-апрель көчөсү деп ат коюлду, “как будто” мен атамдын атын коюп алгансып мага эле асылат. Мен айт дегенин айтып койдум да. Бир тигиниси, бир мунусу тызылдайт. Мен деле өзүмдүн ден соолугумду ойлоп, парламентте эле жыргап баарын урдум деп коюп олтура берсем болмок экен. Кет десе, Жогорку Кеңештен кетип калыптырмын, же кетпе деп эч ким айтып  койбоптур. Эми чындыкты айтам. Бир нерсе десе таластыктарча сөгөм...

-Рахмат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости