www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Апрель элдик революциясынын бир катар баатырлары менен жолугушуп, аларга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Төрага Дастанбек Жумабеков 2010-жылдагы окуяларды эскерип: "Апрель элдик революциясы ташка тамга баскандай, өлкө тарыхында эч качан унутулбайт. Мына ошол элдин эркиндигин, бакубат жашоосу үчүн жанын берип, шейит кеткендерди, жана тарыхта калган бул күндүн маанисин кийинки муундарга жеткирүүбүз керек. Качан гана бийлик элге кызмат кылганда Апрель окуясынын шейиттеринин арбагы ыраазы болот”, – деп кошумчалады.
Мындан сырткары, Төрага каргашалуу күндө өз элине ок аткан бийликтен тайманбай, ошол жерде жүргөн атуулдардын эрдигин жогору баалап, өлкөдөгү саясый туруктуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуудагы сиңирген эмгеги жана жарандык бекем позициясы үчүн аларга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
Апрель элдик революциясынын баатырларынын бири Талантбек Давлетбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы катары шейит кеткен баатырларга таазим кылып, Апрель элдик рефолюциясында жаракат алгандарга көңүл бургандыгы үчүн сыйлангандардын атынан Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылыгын айтты. Мындан сырткары, Апрель баатырлары өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлүп жатканын белгилеп, мамлекет башчысы, парламент жана өкмөт бул күрөштү аягына чейин чыгарат деген бекем ишенимдерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган Апрель элдик революциясынын баатырлары: Муратбек Мамбетов, Асанбек Жунушалиев, Дүйшөнбек Кожокеев, Талантбек Давлетбеков, Муктарбек Алымкулов, Алияр Молдобаев.
Булак: NazarNews.kg