www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жети жашынан атасынан айрылып, 25 жашка чыкканча башынан көп кыйынчылык өткөргөн Мээргүлдун абалы учурда оор. Апасы менен бир туугандарынан жаркын жашоосу үчүн өз өмүрүн, жаштыгын тобокелге салып иштеп жүрүп боору, тамырына дейре курттап кеткен.
- Мен Алайдын кызы болом. Жашым 25те гана. Бир кичинекей мамлекеттин улуусумун. Жетишпеген жашоого байланыштуу жогорку окуу жайда окуп бир кесиптин башын кармаган жокмун. Мектептен алган тогуз жылдык гана билимим бар. Жашоомдогу болуп өткөн оор кырдаалдар мени сабырдуу, күчтүү болууга үйрөттү. Үйдүн улуу баласы катары бир туугандарымдын жоопкерчилиги менин моюнумда экенин сезем. Өзүмдөн кичүү бир иним, сиңдим жана апам бар. Атамдын көзү өтүп кеткенине туура 18 жыл болду. Анда мен жети жашка толуп, жаңы мектеп босогосун аттап окуп баштаган кезим эле. Апамдын айтуусуна караганда, атамдын оозуна биринчи бир бүдүр чыгып, кийин оорусу бат эле күчөп кетип каза болуп калган экен. Апам жети, беш, бир жашар балдары менен калган. Атам каза болгон учурда өзүм кичинекей болгонго азыр аны элес-булас гана эстей алам. Куса болуп ыйлаганда туугандар: “Атаң Меккеге кетти, эртең келет”,- деп коюшар эле. А мен күнүгө тоого чыгып алып Меккеден келчү жолун карап атамды күтүп отурчумун. Бирок атам кечигип жатты. Бүгүнкү күнгө дейре көзү өтүп кеткен адамдай эмес, ошол Меккеден келе элек адамдай эсимде калды. Ата мээримине зар болуп өстүм, азыр анын мээримин сагынып жашайм.
- Атам каза болгондон кийин анын эжеси апама: “ Иним каза болду, эми сенин үйдө калууга акың жок!”-деп урушуп, апамды үч кенедей баласы менен үйдөн кубалап чыгыптыр. Биз апамдын бир тууган сиңдисинин үйүнө барып баш калкалап турдук да, үч күндөн кийин батирге чыгып кеттик. Апам бизди пол жуугучтун жумушунда күнү-түнү иштеп жалгыз бакты. Ачка калган жетишпеген жашоо, далай кыйынчылык күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Мектепте эң алдыңкы окуучу болбосом дагы “жакшы” деп сыпатталган окуучулардын катарында болдум. Апамдын балдары үчүн кара жанын карч уруп тынбай иштеп жүргөнүн көрүп аяр элем. Канткенде апам кыйналбай калат деген суроону өзүмө-өзүм күнүгө бир нече ирет берем. Бирок жообун таппайм.Апам жумушка кеткенде иним менен сиңдимди караганым эле апама чоң жардам болду болуш керек. Үй жумуштарын кылып, кичинекейлердин курсагын убагында тойгузуп тың кыз болчумун. Иним эс тартып калганда апабызга аз да болсо жардам болсун деп окуудан келгенден кийин иним базар аралап семичке сатып, мен болсо бөтөлкө жууп иштечүбүз. Эрте эле ысык-муздак жерде иштеп, турмуш арабасын эрте тарттым. Үйү жок, батирден батирге көчүп-конуп жашаган жашоо жүрөгүмө тийип калган окшойт, алдыга койгон максаттарымдын сап башында эле үй алуу турчу. Ошондуктан тогузунчу классты аяктаганда эле таежем менен Орусия жергесине максатымды орундатуу үчүн кеттим. Мектепти калтырбай окуганымдын пайдасы тийип, орус тилинен анчейин кыйналган жокмун. Болгону жашым 18ге толо элек болгондуктан эки жыл бала карап иштедим. Качан гана 18ге чыкканда документ алып, дүкөндөрдүн бирине сатуучу болуп ишке орноштум. Тапкан акчамдын бардыгын апама салып олтуруп, беш жыл дегенде Кара-Балтадан бир бөлмөлүү үй сатып алдык. Эми гана жашообуз оңолуп, койгон максатымдын бирине жеттим деп сүйүнүп турган чагымда оор дартка чалдыгып калдым.
- 2016-жылы Орусияда иштеп жүргөндө арыктап, өңүм саргарып баштаган. Алган үйдү оңдоп-түзөйүн деп Кыргызстанга келген элем. Келгенде эле бөйрөк жагым ачышып туруп алды. “Суук тийип калган го, кайра кеткичекти биротоло бардык органдарымды текшертип алайын” деп ооруканага барсам, боорум курттап кеткенин айтып “тез арада операция кылуу керек” дешти. Операцияда доктурлар боорумдун жарымын кесип салып, курттар тамырга чейин өтүп кеткенине күбө болушуптур. Боорумду алмаштыруу жолу гана калганын ошондо эле эскертишкен экен, бирок туугандарым мени кабатырланбасын дегенби, айтор, мага бул тууралуу ооз ачкан эмес. Өздөрү мамлекет тарабынан берилчү бекер операцияга ишенип кезекке туруп коюшуптур. Ооруканадан чыгып жатканда көп дары жазып берип, “боордун калыбына келүүсүнө жардам берет” деп коюшкан. Мен болсо ал дарыларды ушуну менен айыгып кетем деген үмүт менен эки жыл ичтим. Убакыт өткөн сайын менин оорум айыкпай эле күчөй берди. Өпкөмө суу толуп, ичим шишип кеткенде гана ит менен мышыктан жугуучу оору экенин билдим. Өзүм мышыкты жакшы көрүп, Орусияда жашап жүргөндө үйүмдө бир мышык бакчумун. Эми ошол мышыктан жукту деген божомолдор келип жатат. Азыр тамакка табитим тартпай, суу эле ичким келет. Көп өлчөмдөгү эмес, бир стакан суу мага көптүк кылып жатат. Анткени ал барып эле өпкөмө толо берет экен. Күндөн-күнгө арыктап, чачтарым түшүп, дем алуум да оорлошуп баратат. Өз алдынча басууну айтпай эле коёюн. Боорумду алмаштырбасам, бир айлык гана өмүрүм калыптыр. Өз апам донор болуп бергенге тиешелүү анализдерди берди. Мурдатан бери менден жашырышпай эле эртерээк айтып коюшса, балким эки жылдык убакытым текке кетмек эмес. Жок дегенде жол-жобосун издеп турмакмын да деп кейип олтурам.
- Чет жерде иштеп жүргөндө өзүмдөн үч жаш улуу, өзүм жактык бир жигит менен таанышып калгам. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, төрт жыл бою кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Бирок апам менен бир туугандарыма үй алып берүүнү башкы планга коюп алганга турмушка чыгууну жыйыштырып койгом. Үйлөнүү тоюбузду да жылдырып келгем. Эми гана той туурасында сөз кылууга убакыт келгенде минтип ооруп калдым. Жигитиме кабарлашып оорум тууралуу айтып, андан колдоо табамбы десем, оорумду билгенден бир ай өтпөй башка кызга үйлөнүп алды. Эми сүйүүгө ишенбейм, ал жомоктордо гана жашайт экен. Азыр мага ден соолугумдун саламаттыгы эле маанилүү болуп калды. Кантсе дагы ал балага чын жүрөктөн бакыт каалайм.
- Оорумду билгенден кийин такыр эле өзүмдү таштап, жашагым деле келбей калган. Боорду алмаштыруу операциясы Индияда өткөрүлгөндүктөн, тиешелүү документтерди жиберсек 35 миң АКШ долларына жасаларын айтып, кеткен каражатты экиге бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп беришти. Ушундан кийин менде бир үмүт пайда болуп, өзүмдү колго алдым. Туугандарым, кайрымдуулук фонддордун жардамы менен азыр керектелүүчү сумманын жарымы топтолду.
Эми калган сумманы чогултуу үчүн жардамды кайра эле кайрымдуу жарандардан сурайм.
Элсом: 0772 27 84 37
Сбербанк: 639002709003435079 АЙГЕРИМ ТОКТОБАЙ кызы
Булак: "Леди кж"