www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Меган Маркл менен ханзаада Гарри уул Арчи менен Канадага көчүп келип, жаңы жашоосун баштады.
Белгилей кетсек, 8-январда ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карандысыз болууну кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан.
Меган менен Гарри финансы жактан көз карандысыз болобуз деп айтканы менен факт боюнча Гарринин атасы ханзаада Чарльз үй-бүлөнүн чыгымдарын өзүнүн жеке каражаттарынан төлөөнү уланта берет. Британиялык салык төлөөчүлөр Гарри менен Мегандын кээ бир чыгымдарын төлөп жатышат. Мисалы, жубайлардын ар бир кадамын коштогон жеке күзөтчүлөр.
Жубайлардын коопсуздугуна жергиликтүү полиция гана эмес, Улуу Британиядан келген күзөтчүлөр да жооп берет. Күзөтчүлөрдүн бири Мегандын жүрүм-турмуна нааразы экенин билдирген.
Анын айтымы боюнча күзөтчүлөрдү Меган тейлөөчү катары көрөт жана дайыма ар кандай буйруктарды аткарууну суранат. Анын ичинде дүкөнгө барып азык-түлүк алып келүү да бар.
Журналисттер, күзөтчүлөр азык-түлүк баштыктарын жана кофе көтөрүп жүргөнүн байкап калышкан.
Булак: NazarNews.kg