www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-февралда «Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КР Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев менен жолугушуп, өлкө аймагындагы дыйканчылыкты суу менен камсыздоо маселелери тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага агенттиктин бөлүм башчысы Абдували Кадырбеков, «Хелватас» швейцариялык бейөкмөт уюмунун долбоор менеджери Жылдыз Абдуллаева катышты.
Депутат Бакыт Төрөбаев бүгүнкү күндө республикадагы 27 миң км каналдын 5 миңи мамлекеттин кармагында болсо, 22 миң км Суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) кармагында экенин айтып, мамлекеттен каражат каралбагандыктан, бул уюм кароосуз калгандыгына, келип-келип эле дыйкандар жапа чегип жаткандыгына токтолду. Эл өкүлү буга байланыштуу СПАларды жергиликтүү кеңештерге баш ийдирүү, тариф саясаты, СПА карамагындагы каналдарга каражат кароо жаатында түзөтүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун демилгелеп жатканын кошумчалады.
Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Абдували Кадырбеков СПАлар 753 миң га жерди тейлеп жаткандыгы, республика аймагындагы СПАлар, дыйканчылыкка суунун жетпей калышынын себептери тууралуу кеңири малымат берди.
Бакыт Төрөбаев өлкөдө 47 млрд куб суунун 10 млрд кубу бизде калып, калганы коңшу республикалардын аймагына агып чыгып кетерин айтып: «Мындай суу ресурстарыбызды туура пайдалануубуз зарыл. Дыйканчылыкка толук кандуу суу жеткирүүнү мамлекет колуна алышы керек. Ошондо кайрак жерлер сугатка айланып, түшүмдүүлүк көбөйөт. Эл жер иштетүүгө дилгир болот»,- дейт.
Мындан сырткары, тараптар дыйканчылыкты суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн, ага керек болгон жагдайларды чечүү жолдорун жана мыйзам долбоорун жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Булак: NazarNews.kg