www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иш-чаранынын максаты 15-февраль - рак илдетине чалдыккан балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата "Өмүр үчүн ойнойбуз!" урааны менен Кыргызстандын аялдарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикте бири-бирин колдоосун арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу аркылуу рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Темирбекова Айжамалдын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп саналат.
Ушу тапта Айжамал апасы менен биргеликте баш сөөгүн алмаштыруу үчүн Индиянын Дели шаарындагы «Dharamshila Narayna Super Speciality Hospital» ооруканасында дарыланууда. Дарылоо оор болгондуктан, анын операциясына 70 миң доллар талап кылынат.
“Кайрымдуулук жараянына кайдыгер карабай, аталган иш-чарага жигердүү катышып берүүңүздү суранам. Кайрымдуулук иш-чарасы Ош шаарындагы "Рамазан" спорт комплексинде өтөт. Дареги: Проектируемая 1-көчөсү, болжол "Кудайберген" унаа тетик базары”, - деп кошумчалады Аида Касымалиева.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында "Өмүр үчүн ойнойбуз!" деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеши аялдардын башын бириктирип, “Волейбол боюнча Орто Азиядагы аялдар лигасы” коомдук фондунун түптөлүшүнө шарт түздү.
Булак: NazarNews.kg