www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-февралда Биринчи май райондук соту Кундуз Жолдубаева менен Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аларды 9-апрелге чейин үй камагында калтырууну чечти. Бул тууралуу Жолдубаеванын адвокаты Бакыт Автандил уулу “Азаттыкка” билдирди.
“Айыптоочу тарап кылмыштын оордугуна байланыштуу деген жүйө менен буларды үй камагында калтырууну суранды. Бирок укуктук жактан алганда кылмыштын кандай гана оордугу болбосун, тергөө учурунда ал жарандын бөгөт чарасын тандоого негиз болуп бере албайт. Үй камагы да адамдын эркин жүрүү укугун чектейт. Процессуалдык кодексте сөзсүз эле адамдын бөгөт чарасы чектелсин деген норма жок”,-дейт жактоочу.
Белгилей кетсек, Кундуз Жолдубаева менен Ирина Карамушкина Кой-Таш окуяларында “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу”, “Калайман башаламандык уюштуруу”, “Барымтага алуу” беренелери боюнча айыпталууда.
Жолдубаева менен Карамушкина өздөрүнө коюлган айыптарды жалаа деп баалашууда.
Булак: NazarNews.kg