www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев "бул мыйзамда экономикабызга кандай пайда болот?" деп суроо берди. Бул тууралуу www.super.kg маалымат агенттиги жазып чыкты. 

Жыйында “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Талант Калыков мыйзам долбоору аткезчиликти азайтуу жана уурулукту жок кылууга багытталган.

Депутат: "Матраимовдун системасын жок кылабыз деп бүт бизнести Казакстанга өткөрүп салдык. Ошондой болуп калбайбы", - деп сурады.

Талант Калыков: "80 пайыз телефондун баары Бириккен Араб Эмиратынан келет. Бул мыйзамды кабыл алганда тоскоолдук пайда болбойт", - дейт эл өкүлү.

Булак: www.super.kg

Последние новости