www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-сентябрда Минск шаарында атайын операция маалында Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкери жана карапайым жаран өлтүрүлдү.

Коопсуздук комитети билдиргендей, кызматкерлер "террористтик иштерге аралашкан адамдарды издеп, тургундардын үй-жайын текшерип жүргөндө, батирлердин биринен өтө коркунучтуу адам кызматкерлерге ок аткан". Кызматкерлер ага каршы ок чыгарышкан.

"Азаттыктын" беларус кызматы "Еврорадиого" шилтеме берип, ок чыгарган киши EPAM Systems компаниясынын кызматкери Андрей Зельцер болушу мүмкүн экенин жазды. Компаниянын атын атабаган өкүлү ушундай ысымы бар кызматкер иштерин бышыктады.

Зельцердин "Инстаграм", "Фейсбуктагы" баракчаларынан анын фехтование менен машыгып, жарыштарга катышып жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле, анын курал кармап түшкөн сүрөттөрү да бар. Былтыр Беларустагы шайлоодон кийин нааразалыкка чыккандарды коргоп пост жазган.

Бир катар маалымат каражаттары батирде эмне болгону тартылган видеону да чыгарышты. Видео эки камера менен тартылып, бири Зельцердин батиринде коюлгандай көрүнөт.

Беларустун тергөө комитети кызматтык милдетин аткарып жүргөндө киши колдуу болду деген негизде кылмыш ишин ачты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости