www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-августта Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган ыктыярчыларга 700 комплект атайын форма тапшыруу аземи өттү.
Атайын форма Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгы менен биргеликте иштелип чыккан.
Иш-чарада министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков ыктыярчылардын оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.
Анын айтымында, ыктыярчылар Кыргызстанга келген чет элдик меймандарды жана оюндардын катышуучуларын алгачкылардан болуп тосуп алып, өлкө тууралуу жакшы таасир калтырууга салым кошот.
Надырбеков оюндарды уюштурууга салым кошуп жаткан бардык тараптарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, ыктыярчыларга ийгилик жана жакшы маанай каалады.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 1–6-сентябрда Ысык-Көл облусунда өтөт.
Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн спортчулар, маданият өкүлдөрү, меймандар жана туристтер катышат.