www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыялады.

Тартиптик жаза ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде берилгени айтылды.

Мындай чечим интернетке “Манас Ордо” комплексинде Орунтаев тартылган чырлуу видео чыккандан бир нече күндөн кийин чыкты. 

Бирок, бул дисциплинардык жаза дал ушул окуяга байланыштуубу же жокпу, так айтылган жок.

Буга чейин социалдык тармактарда жумушчулардын бири менен болгон мушташка президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Нурдан Орунтаев катышкан деген маалымат тараган.

Кийинчерээк жарыяланган видеодо курулуш министри жаңжал болгон жерде жүргөнү көрүнөт. Бирок ал түздөн-түз мушташка катышкан эмес жана видеодон көрүнгөндөй, жаңжалга катышкандардын бирин четке алып кеткен.

Окуя боюнча милиция текшерүү иштерин баштаган. Жаңжалдын катышуучулары бири-бирине дооматы жок экенин билдиришкен. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев да жаңжал подрядчы уюмдун өкүлү менен жумушчунун ортосунда болгонун, кийин тараптар өз ара жарашканын маалымдаган.

Последние новости