www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү райондук кызмат көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкана түзүлөт.
Бул боюнча Панфилов районунда координациялык кеңешме өттү.
Ага райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Бекмаат Масаидов, айыл өкмөт башчылары, айыл кеңештеринин төрагалары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү адистер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө райондук кызмат көрсөтүүчүнүн иш модели, каржылоо механизмдери жана суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө функцияларын өткөрүп берүү тартиби түшүндүрүлдү.
Мында системаларга болгон менчик укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сакталат.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар муниципалдык ишкана түзүү демилгесин колдошту. Зарыл документтерди даярдоо, маселени айыл кеңештеринин сессияларында кароо жана айыл өкмөттөр менен жаңы ишкананын ортосунда ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдерди этап-этабы менен түзүү чечими кабыл алынды.
Райондук кызмат көрсөтүүчүнүн түзүлүшү суу секторундагы реформанын маанилүү кадамдарынын бири болуп, Панфилов районунун тургундарына ичүүчү суу кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 айылдык калктуу конушту коопсуз ичүүчү суу жана заманбап саркынды суу кызматтары менен камсыздоого багытталган «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» программасынын биринчи фазасы ишке ашырылууда. Программанын жыйынтыгында 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.