www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агартуу министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга жана «Күндөлүк» жеке системасын иштеп чыгуучулардын мамлекеттик электрондук күндөлүк системасын түзүү боюнча тендерге байланыштуу билдирүүлөрүнө расмий түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында ата-энелерден акча чогултуунун бардык түрлөрүнө тыюу салынат. Ошондой эле мамлекеттик электрондук күндөлүк системасын колдонуу бардык жарандар үчүн акысыз болот.

Ведомство 137,4 миллион сомдук келишим электрондук күндөлүктү гана иштеп чыгууга багытталган деген маалыматтарды четке какты. Министрликтин билдиришинче, каражат бирдиктүү санариптик билим берүү экосистемасын түзүүгө жумшалууда.

Долбоордун алкагында мамлекеттик электрондук күндөлүк жана электрондук журнал, 12 миңден ашуун интерактивдүү окуу жана усулдук материалдарды камтыган «Санарип кампа» билим берүү контентинин улуттук репозиторийи, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу үчүн ustat.edu.gov.kg платформасы, башталгыч кесиптик билим берүү үчүн өзүнчө санариптик чечим жана «Тунгуч» онлайн-мектебинин платформасы иштелип чыгат.

Мындан тышкары, жаңы санариптик экосистема мамлекеттик маалыматтык системалар жана кызматтар менен интеграцияланат. Алардын катарына ПИН-сервис, мектепке электрондук каттоо системасы, «Мугалим», «Аттестат», ББМС жана башка мамлекеттик санариптик чечимдер кирет.

Министрлик белгилегендей, «Э-Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү негизги келишимдин алкагында каржыланып, өзүнчө бюджеттик каражат бөлүнгөн эмес. Ошондуктан келишимдин жалпы суммасын электрондук күндөлүккө гана кеткен чыгым катары көрсөтүү туура эмес экени белгиленди.

Ошондой эле мамлекеттик система киберкоопсуздуктун улуттук стандарттарына ылайык корголуп, бир катар мамлекеттик маалымат базалары менен интеграцияланган. Бул окуучулардын жана ата-энелердин жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Министрликтин маалыматы боюнча, платформаны техникалык жактан коштоо, өнүктүрүү жана башкаруу иштери келечекте мамлекеттик техникалык оператор — «Түндүк» ААКка өткөрүлүп берилет. Бул мамлекеттик мектептердин жеке IT-компанияларга көз карандылыгын азайтып, билим берүү кызматтарын коммерциялаштыруу тобокелдиктерин жоёт деп күтүлүүдө.

Ведомство мамлекеттик «Күндөлүк» системасы келечектеги санариптик билим берүү сервистери үчүн негизги платформа болуп кызмат кыларын белгиледи. Анын негизинде мектепке чейинки, мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү тармактарындагы мамлекеттик санариптик кызматтарды интеграциялоо жана өнүктүрүү пландалууда.

Последние новости