www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-август күнү, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык “МИСТЕLAND” деген аталыштагы мисте фестивалы өттү.

“МИСТЕLAND” фестивалы Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими Нурлан Шаршеналиевдин демилгеси менен уюштурулган.   

Иш-чаранын соңунда мисте түшүмдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча алты мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда "Кыргызстандын экономикасындагы жана климаттык өзгөрүүсүндөгү мистенин мааниси жана ролу" деп аталган эл аралык бизнес-илимий-практикалык форум болду.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, токойчулар, жеке ишкерлер жана илим чөйрөсүнүн адамдары катышты.

Чет элдик адистер онлайн байланышка чыгып, мистени кандай багытта алдыга жылдыруу тууралуу ойлорун айтышты.

Форумда Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Ноокен районунда баалуу болгон мисте биринчи жолу даңазалынып жатканын айтты.

--“Мен ушул Жалал-Абад облсунун Ноокен районунун тургуну болом. Бала кезимде тоолордон мисте терип чоңойгом. Кийин ушул аймакта дагы иштедим. Бирок, Борбор Азиядагы эң көп өскөн табигый мистени даңазалаган бир дагы иш-чара өткөрүлбөптүр. Муну ушул жерде отурган буга чейин иштеген адамдар дагы мойнубузга алышыбыз керек. Мына Чүй облусундагы Кемин районунан которулуп келген жаңы аким Нурлан Шаршеналиев демилге көтөрүп, эл аралык маанидеги саамалык өтүп жатат. Сырттан келген адам кандай баалуулуктар бар экенин байкайт эмеспи. Ушундай фестиваль өткөргөн Шаршеналиевге ыраазчылык айтам”, - деди эл өкүлү.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости