www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамбыл облусундагы курал-жарак сакталган кампада жарылуу болгон жерден дагы бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-августта билдирди.

Төрт күн мурун болгон кырсыкта өлгөндөрдүн саны 14кө жетти. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, аскердик бөлүктүн, аскерлешкен көзөмөл мекемесинин жана аскердик прокуратуранын кызматкерлери бар. Төрт кишинин сөөгү аныктала элек. Эки адамдын дайыны белгисиз. Министрликтин билдирүүсүндө «эки кишини издөө уланып жатканы» айтылат.

26-августта аскердик бөлүктө өрт чыгып, кампада сакталган курал-жаракка жабышкан. Аскердик бөлүктөн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 98 киши ар кандай жараат алды. Жергиликтүү бийлик жакын жашаган калкка зыяны тийбегенин билдирди.

Тараз шаардык ооруканасында 28 киши дарыланып жатканын, алардын төртөөнүн абалы орточо оор экенин акимиат маалымдады. Кампада жарылуу болгондон кийин жүздөгөн киши жакынкы үч айылга эвакуацияланган. Жекшембиде алардын көбү үйлөрүнө кайтып келишти.

Жергиликтүү бийлик 106 турак үй, 12 коммерциялык объект жана үч мектептин имараты зыян тартканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости