www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында билим тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы заманбап мектептерди куруп, сапаттуу билим берүү системасын түзөт.

Билим берүү – жакырчылыкты кыскартуу менен экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү эң таасирдүү инструменттердин бири. Мамлекеттин милдети – заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу жана бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү.

Мектептеги билим берүү боюнча биздин сунуштар:

– Жаңы мектептерди куруу, авариялык абалдагы мектептерди сапаттуу оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу.

Өнөктөштүк эки тарапка тең пайдалуу болгудай шартта түзүлүшү керек. Ишкер мектеп курууга, же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш;

– Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруу саясатынан окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керек.

Бул үчүн «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат;

– Мугалимдердин социалдык абалын өзгөртүү жолдорунун бир чечими катары аларга айлык акы чегерүүдө бирдиктүү тарифтик торчо системасына кайтуу;

– Жалпы билим берүүчү негизги предметтер: математика, физика, химия, биология, география, тарых, орус жана кыргыз тили сабактарынын саатын көбөйтүү үчүн мектептик билим берүүнүн мазмунун кайрадан карап чыгуу. 2012-жылы бул сабактардын сааты негизсиз кыскарып калган.

Жогорку билим берүү багытында биздин сунуштар:

– Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек;

– Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу; – Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу;

– Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү. Мамлекет профессионалдык-техникалык жана атайын орто билим берүү системасына көңүл бурушу керек.

Эмгек рыногунда азыр жумушчу кесиптеги адистерге муктаждык күч. А бизде атайын даярдыктагы техникалык адистер жетишсиз жана гуманитардык багыттагы кадрлар, маселен, юрист, экономист, же эл аралык байланыштар боюнча адистер ашыкча даярдалууда.

“Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун! Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды.

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости