www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-сентябрь күнү «Күйөөсүнөн токмок жеп, адилеттик издеген келин балдарынан ажырады. Соттор акчага кул экен» деген аталыштагы видео социялдык тармакка жарыяланган.

Анда жабырлануучу тарап сотко нааразы экендигин билдиришкен.

Видеотасмадагы  Ч.А. — Алайкуу аймагынын тургуну күйөөсүнөн токмок жеп, укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, бирок алар жетишерлик иш алып барышпаганын айткан. Ошондой эле, кайненесинин «сотторго акча берип койдум. Колунан эч нерсе келбейт» деп айтканын да кошумчалаган.

Бул окуяга карата Ош облустук сотунун басма сөз кызматы келиндин укугу кандай шартта корголгонунун төмөнкүдөй билдиришти.

«Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 66-беренеси (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) жана 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) менен айыпталган Б.А.Д.нын жорук иши 2020-жылдын 4-август күнү Кара-Кулжа райондук сотунун өндүрүшүнө келип түшкөн. 2020-жылдын 4-сентябрь күнү Кара-Кулжа райондук соту айыпталуучу Б.А.Д.ны угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп таап, ал боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн эң жогорку жазаны белгилеген. Тактап айтканда, ар бир берене боюнча 60 сааттан (жалпы 120 саат) коомдук жумуштарга тартылып, өкүмдү аткаруу Кара-Кулжа району боюнча пробация кызматына жүктөлгөн.

Айыпталуучунун күнөөсү жабырлануучунун берген көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жана Б.А.нын күнөөсүн өзү мойнуна алган көрсөтмөлөрү менен толук далилденген.

Ал эми жабырлануучу Ч.А.га карата никени ажыратуу, балдарын өзүнүн карамагына алуу жана үй-мүлкүн бөлүштүрүү иштери жарандык тартипте карала тургандыгын, доогердин арызы боюнча гана соттук отурумдардын башталарын билдиребиз. Бүгүнкү күндө Кара-Кулжа райондук сотуна мындай доо-арыздар келип түшкөн эмес», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости