www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы съезддин жыйынтыгы менен программасын жана талапкерлердин тизмесин аныктады. Анда жаштарга басым жасалып, тизме түзүүдө көптөгөн жагдайлар эске алынып, жыйынтыгында партиянын өзөгү ар түрдүү улуттардан, аймактардан жана кесип ээлеринен турган талапкерлерден түзүлдү.

Белгилей кетчү жагдай, тизмеде жаш талапкерлер абдан көп. Партия лидери Мирлан Бакировдун айтымында, программанын негизги максаты өнүккөн базар экономикасы бар, социалдык багыттуу мамлекет куруу жана республиканын ар бир жаранынын жашоо шартын жакшыртуу.

“Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – бир максаттуубуз жана ошол эле учурда ар тараптуубуз. Биздин саясий чөйрөдө тажрыйбабыз бар. Мындан сырткары түрдүү тармактарда иштеп келгенбиз. Жашыбыз, жынысыбыз, улутубуз, ишенимибиз, туулган жерибиз ар башка болсо да, биз биргебиз. Биз Кыргыз өлкөсүн сүйгөн үчүн гана эмес, ушул ыйык мекенибизде жашоо үчүн баардык шарттарды түзүү үчүн бириктик”, - деди Бакиров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости