www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убакта белгисиз жарандар Кара-Кол шаарында конверттин сыртында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын символикасы чапталып, ичинде принтерде басылган 2000 сомдук жасалма купюралар салынган каттарды таратып жатышат деген маалымат тараган. Аталган маалымат социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, көптөгөн пикирлер айтылган.
“Мекеним Кыргызстан” партиясы бул маалыматты четке кагып, саясий атаандаштар кылып жатат деп билдирди.
“Бул провокациянын аркасында биздин саясий атаандаштарыбыз турат деп ойлойбуз, алардын максаты – “Мекеним Кыргызстан” партиясын оюндан чыгаруу. Мамлекеттик органдар тарабынан мындай аракеттер Кыргызстандын жалпы шайлоо системасына карата ишенимди жок кылуу аракети катары бааланууга тийиш деп эсептейбиз”
Ошондой эле, партия бул жерде жасалма акча жасоо фактысы көрүнүп турганын, Кыргызстандын жарандарына жана мамлекеттин финансы системасына каршы жасалган оор кылмыш болуп саналарын билдирди.
Мындан сырткары, “Мекеним Кыргызстан” партиясы укук коргоо органдары бул кылмыштык аракеттерди уюштургандарды ыкчам таап, аларды мыйзамдагы бардык катаал жазык жоопкерчилигине тартат деп толук ишенээрин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg