www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылы алты жылга соттолгон белгилүү азербайжандык журналист-диссидент Афган Мухтарлы эркиндикке чыкты. Бул тууралуу журналисттин агасы Рамзан Мухтарлы “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Азербайжандын Балакан райондук соту журналист Афган Мухтарлыны алты жылга эркинен ажыраткан. Прокуратура Мухтарлыны "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "ири суммадагы акчаны аткезчилик жол менен алып жүргөн" жана "кызматтагы адамдарга акарат келтирген" деп айыптап, аны сегиз жылга абакка кесүүнү соттон өтүнгөн.

Эске сала кетсек, сотто азери журналист өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары мүнөздөп, президент Илхам Алиевдин өкмөтү "биздин үнүбүздү баса албайт" деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости