www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанга 14-мартта Франциядан келген жаран тесттин жыйынтыгы менен вирус бар экендиги аныкталып, карантинге алынган эле. Тилекке каршы, ал бүгүн, 17-мартта коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, ал 14-мартта таңга маал Өзбекстан Аба жолдору компаниясынын Стамбул-Ташкент каттамын тейлеген учагы менен Өзбекстандын борборуна кайтып келген.
Эске сала кетсек, 15-мартта, Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учуру катталганы жарыяланган. Учурда вирусту жуктургандардын саны 11ге жетти.
Өзбек бийлиги ооруну жайылтпоо үчүн чараларды көрүүдө.
16-марттан тарта бардык окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар жабылды.
Мындай чечимди коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн ыкчам штаб кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg