www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын Мырза-Акедеги жаштар канаты, бүгүн, 19-сентябрда ишембилик уюштурушту. Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү.

Катышуучулар, айыл аймагын таштандылардан тазалап, жарандарга күтүүсүз келген таажылуу вирустун алдын-алуу үчүн маска тагынуу, колду бат-баттан жууп туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айыл башынан аягына чыгышты.

Өтүп бара жаткан мырзакеликтер, жаштарга жана “Мекеним Кыргызстан” партиясына ыраазычылыктарын билдирип, ак бата беришти.

Эске сала кетсек, “Мырза-Аке” жаштар биримдигинин мүчөсү Жумабай уулу Жеңиш тазалык иштери айыл жергесинде байма-бай уюштурулуп тургандыгын айтты.

Буга чейин жаштарга алгылыктуу колдоо көргөзүп, сергек жашоо жаатында  алдыга сүрөөлөр болгондугу үчүн, айыл жаштары акылдашып, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер, Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматовду колдоо чечимине келген.

Жергиликтүү тургундар “Өзгөрүүнү өзүңдөн башта” жана “Тазалык айылыбызга, айылыбыз баарыбызга” деген ураан алдында өткөн иш чараны, башка партиянын жаштар канаттары дагы улантып кетишсе деген демилге киргизишти.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости